КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 25-апрели № 195-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55, 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен максаттуу трансферттердин көлөмүн 170000000 (бир жүз жетимиш миллион) сомго көбөйтсүн жана көрсөтүлгөн каражаттарды Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн Таш-Көмүр шаарынын мэриясына 100000000 (жүз миллион) сом, Кара-Көл шаарынын мэриясына 20000000 (жыйырма миллион) сом, Токтогул шаарынын мэриясына 50000000 (элүү миллион) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларынын мэриялары бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 25-апрели № 195-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 868-т тескемесинин редакциясына ылайык)