КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 25-апрели № 195-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55, 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен максаттуу трансферттердин көлөмүн 170000000 (бир жүз жетимиш миллион) сомго көбөйтсүн жана көрсөтүлгөн каражаттарды Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн Таш-Көмүр шаарынын мэриясына 100000000 (жүз миллион) сом, Кара-Көл шаарынын мэриясына 20000000 (жыйырма миллион) сом, Токтогул шаарынын мэриясына 50000000 (элүү миллион) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларынын мэриялары бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул шаарларын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
№ | Иш-чаралар | Милдеттер | Каражаттардын көлөмү | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторлор) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар |
Инфраструктуралык долбоорлор | |||||||
1 | Тротуар куруу | Шаардын аймагында сапаттуу деңгээлде ички тротуарларды куруу (2640 м) | 8,4 млн. сом | 2024-жыл | Шаар тургундары жана коноктор үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
2 | Ирригация үчүн лотокторду орнотуу | Сапаттуу деңгээлде лотокторду орнотуу жана долбоорду аяктоо (1833 м) | 2,14 млн. сом | 2024-жыл | Жашылдандыруу үчүн шаардын ирригациясы жакшыртылды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
3 | Шаардын аймагында коомдук транспорттун токтоочу пункттарын капиталдык оңдоо | Дизайнды иштеп чыгуу. долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана капиталдык оңдоо өткөрүү | 2,5 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын архитектуралык көрүнүшү жакшыртылды, тургундар жана коноктор үчүн коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
4 | Автомобиль жолдорунда жол белгилеринин линияларын түшүрүү | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, жол белгилерин сапаттуу сырдоо | 0,5 млн. сом | 2024-жыл | Жол кыймылынын катышуучулары үчүн коопсуздук камсыз кылынды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
5 | Таштанды үчүн металл жасалган контейнерлерди орнотуу | Дизайнды иштеп чыгуу, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана шаарда контейнерлерди орнотуу | 0,63 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын коопсуз экологиялык абалы камсыз кылынды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
6 | Атайын техника сатып алуу | Төмөнкүлөрдү сатып алуу: 1 экскаватор; 2 таштанды ташуучу; 2 ассенизатор; 1 HOWO базасында автокөтөргүч; 1 суу ташуучу | 37,0 млн. сом | 2024-жыл | Өзгөчө кырдаалдарда калктын проблемаларын жоюу боюнча маселелер чечилди жана шаарда тазалыкты кармап туруунун техникасы камсыз кылынды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
7 | Канализация системасы үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу | Төмөнкүлөрдү сатып алуу: чоюн капкактар; 2 бирд. грундфос насосу; полиэтилен пластмассаларды майдалоочу | 3,79 млн. сом | 2024-жыл | Айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
8 | Тоголок Молдо атындагы № 3 мектептин жылуулук жабдуу системасын алмаштыруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, мектептин жылуулук системасын сапаттуу ондоону аяктоо | 1,0 млн. сом | 2024-жыл | Балдарды окутууда жана тарбиялоодо ыңгайлуу шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
9 | Балдар үчүн ойноо аянтчаларын куруу | Талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттө: дизайнды иштеп чыгуу жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо; Шахтёрская жана Ш.Сыдыков көчөлөрүндө балдар үчүн ойноочу аянтчаларды куруу | 1,6 млн. сом | 2024-жыл | Балдарга оюн-зоок жана эс алуу үчүн райондо ыңгайлуу шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
10 | Шаардык маданият үйүн капиталдык оңдоо жана олтургучтарды жаңыларга алмаштыруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө капиталдык оңдоону сапаттуу аяктоо | 5,5 млн. сом | 2024-жыл | Маданий иш-чараларды сапаттуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
11 | Музыкалык аппараттарды сатып алуу | Аппараттардын параметрлерин жана техникалык мүнөздөмөсүн изилдөө жана сатып алуу | 0,94 млн. сом | 2024-жыл | Кызматкерлерди заманбап аппараттар менен камсыз кылуу менен маданий иш-чараларды сапаттуу өткөрүүгө көмөктөшүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
12 | Шаар жолдорун капиталдык оңдоо | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоону сапаттуу аяктоо: - Батыркулов; - Д.Шопоков; - Б.Кадыров; - Т.Шабданов | 19,5 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын көчөлөрү оңдолду жана кайра конструкцияланды, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
13 | Шаардын мэриясынын имаратынын жанындагы участокту капиталдык оңдоо | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө тротуарды жана жүрүүчү бөлүктү асфальттоону сапаттуу аяктоо | 1,2 млн. сом | 2024-жыл | Кызматкерлерге иш жана эс алуу үчүн шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
14 | Шаардын мэриясынын имаратын учурдагы оңдоо | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, белгиленген мөөнөттө фасадды капиталдык оңдоону сапаттуу аяктоо | 2,3 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын архитектуралык көрүнүшү жакшыртылды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
15 | Скверлерди куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, Ленин, Какелеев жана Баетов көч. жаңы скверлерди куруу | 13,0 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын бардык тургундарына жана конокторуна сергек жашоо мүнөзү жана ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттар түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы |
| Жалпы |
| 100 млн. сом |
|
|
|
|