Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-февралы № 87
Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында цирк искусствосун андан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87, 92-95-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мекемеси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин.
2 "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мекемеси "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
3. "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мекемесинин укуктарын жана милдеттенмелерин улантуучу болуп саналат деп белгиленсин.
4. "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
"34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасы.".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун бешинчи абзацындагы "жана Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
10. "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өтсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 15 (3671) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
|
| 3-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
|
| 4-тиркеме |
|
| "4-тиркеме |
"А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин, филармониялардын жана А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
I. "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси