Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.

2. Ишкана "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мекемесинин укуктук улантуучусу болуп саналат.

3. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.

4. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп Устав эсептелет.

5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк) эсептелет.

6. Ишкананын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки" мамлекеттик ишканасы;

- расмий тилде: государственное предприятие "Кыргызский государственный цирк имени Абубакира Изибаева" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Абубакир Изибаев атындагы КМЦ" МИ;

- расмий тилде: ГП "КГЦ имени Абубакира Изибаева".

7. Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 119.

8. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

9. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары болот.

10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

11. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.

12. Ишкананын ишинин предмети болуп цирк искусствосу жаатындагы маданий баалуулуктарды, искусствонун башка түрлөрүн жана жанрларын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу, аларга Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө көрүүчүлөр аудиториясын тартуу саналат.

13. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

2-глава. Ишкананын ишинин максаты

14. Ишкананын ишинин максаты киреше алуу, ошондой эле өзгөчө улуттук цирк искусствосун сактоо жана андан ары өнүктүрүү болуп саналат.

3-глава. Ишкананын милдеттери

15. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) цирк искусствосунун чыгармаларын, искусствонун башка түрлөрүн жана жанрларын түзүү жана көрсөтүү;

2) маданий жана оюн-зоок-массалык иш-чараларды өткөрүү жана/же аларга катышуу;

3) агартуу иштерин жүргүзүү жана цирк искусствосун пропагандалоо;

4) чыгармачыл жамааттардын гастролдук-концерттик ишин уюштуруу;

5) инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүндөгү керектөөлөрүн калыптандыруу жана канааттандыруу боюнча социалдык маселелерди чечүү.

4-глава. Ишкананын функциялары

16. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) соода-коммерциялык иш;

2) соода аянттарын, Ишканага берилген мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;

3) коомдук тамактануу жана калкты тиричиликтик тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;

4) автотранспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу жайларын, сактоо камераларын, муздаткыч жабдууларын жана кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

5) Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;

6) мейманкана, маркетинг, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;

7) цирк программаларын жана башка оюн-зоок иш-чараларын көрсөтүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

8) цирк искусствосу жаатында коштоочу кызматтарды көрсөтүү, (улуттук, мамлекеттик, салттуу, кесиптик жана башка) майрамдарды өткөрүү;

9) белгиленген тартипте басма ишин жүргүзүү;

10) тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, эксперименттик өндүрүш, сахна-оюн коюучу мүлктү, анын ичинде реквизиттерди жана костюмдарды даярдоо;

11) цирк конструкцияларын, жабдууларды жана материалдарды даярдоо жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилерин түзүү;

12) ар кандай породадагы жана түрдөгү, анын ичинде жапайы жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашыруу;

13) найы сайсыз, кыска ок атуучу куралдардын айрым түрлөрүн жана алардын бош патрондорун белгиленген тартипте кызматтык максаттарда сактоо жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү;

14) ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына ылайык келген башка функциялар.