ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXIV СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 10-сентябры № 243
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №25 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык;
- 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |
| Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 10- сентябрындагы кезексиз XXXIV сессиясынын № 243 токтомуна 1-тиркеме |