Документке
Мурунку27.11.2024
Жаңы27.11.2024

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН I СЕССИЯСЫ

 (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 27-ноябры № 4

 

Ош шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы “Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” №56-буйругунун негизинде, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

 

1. Ош шаардык Кеңешинин Регламенти бекитилсин (тиркелет).

 

2. Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы №211 токтому менен бекитилген Ош шаардык Кеңешинин убактылуу Регламенти күчүн жоготту деп табылсын.

      

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

4.Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

             

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                 

Б.Т.Баетов

 

                    Ош шаардык Кеңешинин

      2024-жылдын  27-ноябрындагы

                        I сессиясынын №4

                        токтомуна  тиркеме