Документке
Мурунку10.12.2024
Жаңы10.12.2024

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН II СЕССИЯСЫ

 (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 10-декабры № 6

 

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү жана алардын курамдарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин ченемдерине ылайык, депутаттык фракциялардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялары түзүлсүн жана алардын курамдары бекитилсин (тиркеме 1, тиркеме 2).

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

3.Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                 

Б.Т.Баетов

                                                 

Ош шаардык Кеңешинин

2024-жылдын 10-декабрындагы

 06-токтомуна 1-тиркеме