Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 89 токтомуна)
Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү жол-жобосун белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
- анкета-арыз - өтүнүч берген адамдын жеке маалыматтарын камтыган, электрондук түрдө таризделүүчү документ;
- Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объекти болуп саналган жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабдары жана багыттары жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо үчүн, ошондой эле бул маалыматты Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирилген эсепке алуу системасы;
- жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далилдери жок адам;
- жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутунду - ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнүч берген адамды Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам деп таанууну ырастаган аймактык бөлүмдүн электрондук же кагаз түрүндөгү чечими;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) - жарандыгы жок адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн жана статусун ырастаган документ. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол кире документи болуп саналат;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бузулушу - өтүнүч берген адамдын жазууларынын, сүрөтүнүн, машинада окулуучу маалыматтын жана башка маанилүү элементтердин тактыгына таасир этүүчү кандай болбосун механикалык бузулуулар, ошондой эле анын бүтүндүгүнүн бузулушу;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
- жекелештирүү борбору - ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жүзөгө ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагындагы жекелештирүү борбору;
- аймактык бөлүмдөр - жарандыгы жок адамдын статусун аныктоочу жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү ишке ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
- ведомстволук мекеме - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү;
- электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы башка маалыматтарга тиркелген жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат.
3. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасында жүргөн жана Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдын статусун алууну каалаган жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде чет мамлекеттерден келген жарандыгы жок адамдарга да жайылтылат.
Жарандыгы жок адамдын статусу Кыргыз Республикасынын жараны жана/же чет мамлекеттин жараны болуп эсептелбеген адамга анын мыйзамдарына ылайык берилет.
Бул Жобо качкын статусун алган адамдарга жана Кыргыз Республикасында качкын статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген адамдарга жайылтылбайт.
2-глава. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеси
4. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо боюнча өтүнүч 18 жашка толгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн статусун аныктоону каалаган адам тарабынан берилет.
5. Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдын статусун берүү жөнүндө чечим аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен түзүлгөн жана ведомстволук бөлүмдүн чечими менен бекитилген, үчтөн кем эмес жана жетиден көп эмес курамдагы Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат.
Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же жүргөн жарандыгы жок адамдар деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдардын арыздарын АМС аркылуу карайт.
6. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бланктарынын формалары, сыпаттамасы, үлгүлөрү, алардын техникалык өзгөчөлүгү, ошондой эле анкета-арыздардын, таануу жана жашоо актысынын, маалымкаттардын, өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктүн формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
7. Өтүнүч берген адамдын идентификациялык жеке номеринин (мындан ары - ИЖН) болушу жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Өтүнүч берген адамда ИЖН жок болгон учурда ал аймактык бөлүм тарабынан ыйгарылат.
Өтүнүч берген адамдын ИЖНде техникалык каталар табылган учурда (бир нече ИЖНдин болушу, фамилиясында, атында жана атасынын атында так эместиктер) аймактык бөлүмдүн кызматкерлери ИЖНге блок коюу жана/же туура эмесин өзгөртүүгө арызды кабыл алышат.
Аймактык бөлүмдүн кызматкерлери ИЖНди ыйгарууну жана/же өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырат.
8. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо, жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү өлчөмдө акы алынат.
9. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу өтүнүч берген адамга баруу менен, ошондой эле жогорку ыңгайлуу шарттарда кошумча акы алуу менен ишке ашырылышы мүмкүн, анын өлчөмү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнү түзүү чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
10. Мамлекеттик стационардык социалдык тейлөө мекемелеринин администрацияларынын өтүнүчү боюнча аларда турган, инсандыгын күбөлөндүргөн же туулган фактысын ырастаган документтери жок болгон адамдарга карата арыздарды карайт.
Ушул категориядагы жарандардын жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу аймактык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик стационардык социалдык тейлөө мекемесинин юридикалык дарегине акысыз негизде баруу менен ишке ашырылат.
11. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоого документтерди кабыл алуу өтүнүч берген адамдын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан төмөнкү документтерди берүү менен жүзөгө ашырылат:
1) аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан АМС аркылуу таризделүүчү өтүнүч кат;
2) инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ (бар болсо);
3) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же актылык жазуудан же ага теңештирилген документтен көчүрмө - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда (бар болсо);
4) үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин ырастоочу документ (нике тууралуу же никенин бузулушу жөнүндө күбөлүк, жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк) - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
5) толук өмүр баяны;
6) документтердин жоктугунун себептерин көрсөтүү менен түшүнүк кат - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда;
7) милициянын участкалык инспекторунун катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында таануу жана жашоо актысы - АМСте маалыматтар жок болгон учурда;
8) өтүнмө берүүчү адамдын статусун ырастаган башка документтер (эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүк, чарба китебинен көчүрмө, үй китеби);
9) жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо үчүн төлөмдөрдү ырастоочу квитанциялар.
Өтүнмө берген адам көрсөткөн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин түп нускалары кайтарып берилүүгө тийиш.
Эгерде маалыматтар мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларында болсо жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеткиликтүү болсо, жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдардан документтердин көчүрмөлөрү суралбайт.
12. Жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы боюнча текшерилет.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы боюнча текшерүүнүн мөөнөтү 10 календардык күндү түзөт.
13. Эгерде өтүнүч берген адамдын жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү болсо, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк же актылык жазуунун көчүрмөсү кошумча берилет - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда.
14. 18 жашка чыга элек адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдар деп таануу жөнүндө арыздар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча каралат.
15. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамга анын өтүнүчү катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет, ал өтүнүч берген адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болуусу үчүн жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн жашы жете элек мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аймактык бөлүмдө каттоого негиз болуп саналат.
16. Арызды жана ага тиркелген документтерди кароонун жүрүшүндө Комиссия тарабынан өтүнүч берген адамдын чет өлкөлүк жарандыкка таандык же таандык эмес фактысын аныктоо максатында же жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган документтерди (көчүрмөлөрдү) алуу максатында чет мамлекеттерге суроо-талаптар жиберилиши мүмкүн.
17. Чет мамлекеттерге суроо-талаптар төмөнкү учурларда жөнөтүлөт:
1) эгерде өтүнүч берген адам чет мамлекеттин аймагында төрөлсө жана анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо (туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө);
2) эгерде өтүнүч берген адам мурда чет мамлекетте катталган никеде турган болсо (нике тууралуу, никенин бузулушу, жубайынын каза болгондугу жөнүндө актылык жазуудан көчүрмө);
3) өтүнүч берген адамдын чет мамлекеттин жарандыгынын бар же жок фактысынын тастыктамасын алуу үчүн;
4) эгерде өтүнүч берген адамдын ата-энеси же алардын бири чет мамлекеттин жарандыгына таандык болсо.
18. Чет мамлекеттерге суроо-талаптар бир жылдын ичинде 2 жолудан кем эмес жиберилет. Кайталанган суроо-талап алгачкы суроо-талап жөнөтүлгөн учурдан тартып беш ай өткөндөн кийин өтүнүч берген адамдын арызынын негизинде жиберилет.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде чет мамлекеттен жооптун жоктугу өтүнүч берген адамдын арызын кароону токтото туруу же баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
Чет мамлекеттен 2ден кем эмес суроо-талапка 12 айдын ичинде жооп келбеген учурда, өтүнүч берген адам акыркы 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыкпаган шартта Комиссия ага жарандыгы жок адамдын статусун берүүгө укуктуу.
19. Арызды жана тиркелген документтерди кароо мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. Суроо-талап чет мамлекеттерге жиберилген учурда арызды жана ага тиркелген документтерди кароо мөөнөтү 6 айды түзөт.
20. Эгерде арызды кароодо өтүнүч берген адам ага көз каранды болбогон себептер боюнча ушул Жободо каралган керектүү документти бере албаган же аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өтүнүч берген адам жөнүндө документ түрүндө ырасталган маалымат белгиленбеген учурда, өтүнүчтү андан ары кароо токтотулуп турат жана АМСке себептерин көрсөтүү менен тиешелүү жазуу киргизилет. Ошол эле учурда өтүнүч берген адамдын кайрылуусу боюнча ага арызды кароону токтото туруунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жооп берилет.
21. Арызды жана тиркелген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан чечим кабыл алынат жана өтүнүч берген адамды жарандыгы жок адам деп таануу же өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө корутунду АМС аркылуу чыгарылат.
Корутунду аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
22. Аймактык бөлүм чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде өтүнүч берген адамды анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө электрондук дарекке же уюлдук телефонго билдирүү жиберүү аркылуу кабарлайт жана кагаз же электрондук түрдө күбөлөндүрүү менен документтештирүүнүн тартибин түшүндүрөт.
23. Арызды четке кагуу жөнүндө чечим өтүнүч берген адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.
24. Жарандыгы жок адамдын статусун берүү жөнүндө кайрадан берилген арыз мурдагы чечим чыгарылгандан бир жыл өткөндөн кийин гана өтүнүч берген адам тарабынан киргизилиши мүмкүн.