Документке
Мурунку25.12.2024
Жаңы25.12.2024

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ

 (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2024-жылдын 25-декабры № 11

 

Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 23.1,23.2 жана 23.4пункттарынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана депутаттык фракциялардын сунуштарын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.

 

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                 

Б.Т.Баетов

 

                   Тиркеме

           Ош шаардык  Кеңешинин

2024-жылдын  25-декабрындагы

№ 11 токтому менен бекитилген