ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 25-декабры № 12
“Ош шаардык Кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 14-мартындагы “Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” №56-буйругунун негизинде, Ош шаардык Кеңешинин Регламентин кароо боюнча Ош шаардык Кеңешинин жумушчу тобунун сунуштарын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин Регламенти бекитилсин (тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы I сессиясынын №4 токтому менен бекитилген Ош шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп табылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. “Ош шаардык Кеңеши” мекемеси Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Ушул Токтомдо, анда көрсөтүлгөн маалыматтарда, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.
Төрага | Б.Т.Баетов | |
| Ош шаардык Кеңешинин 2024- жылдын 25-декабрындагы III сессиясынын №12 токтомуна тиркеме | |
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм Жалпы жоболор. Регламентте колдонулуучу түшүнүктөр.
Ош шаардык Кеңештин ишинин негиздери.
II Бөлүм Депутаттык фракциялар.
III Бөлүм Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу.
IV Бөлүм Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши. Шаардык Кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби.
V Бөлүм Шаардык Кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби.
VI Бөлүм Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. Депутаттык суроо-талап.
VII Бөлүм Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу.
VIII Бөлүм Шаардык Кеңештин аппараты.
I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор. Регламентте колдонулуучу түшүнүктөр
Ош шаардык Кеңештин ишинин негиздери.
1 глава. Жалпы жоболор. Регламентте колдонулуучу түшүнүктөр.