Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 95 токтомуна) |
Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартиби (мындан ары - Тартип) жол-курулуш багытындагы продукциялардын, курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын, техникалык байланыш каражаттарынын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоону кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга (мындан ары - сертификаттоо боюнча орган) Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин (мындан ары - Бирликтин регламенти) талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияны каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибин белгилейт.
2. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (мындан ары - СМБ) чечими боюнча, Бирликтин айрым техникалык регламенттери боюнча курамында аккредиттелген сыноо лабораториялары иштеген сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук берүүгө уруксат берилет.
3. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук, иштин билдирилген тармактарында продукцияларды, процесстерди, кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, монтаждоо, сатуу же тейлөө менен алектенбеген сертификаттоо боюнча органга берилет.
Продукцияны сертификаттоо боюнча орган өз ара аракеттенген айрым юридикалык жактардын же өзү бөлүгү болуп саналган юридикалык жактын иши шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча анын ишинин калыстыгына коркунуч келтирбешин камсыз кылууга тийиш.
2-глава. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо укугуна талапкер продукцияларды сертификаттоо боюнча органдарга карата талаптар
4. Сертификаттоо боюнча органдын иши техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Сертификаттоо боюнча орган төмөнкү критерийлерге шайкеш келиши керек:
1) аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген 2 жылдан кем эмес жарактуу аккредитациялоо аттестатынын болушу жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилиши керек;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 100 чечими менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдарды, сыноо лабораторияларын (борборлорду) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү, ошондой эле аны түзүү жана жүргүзүү тартибинин талаптарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизүү/чыгаруу жөнүндө чечимдерин кабыл алуунун тартиби жана негиздери жөнүндө жобого жана ушул Тартипке шайкеш келүүсү;
3) аккредитациялоо боюнча орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде аккредитациялоо аттестатынын жарактуулугун токтото туруунун/жокко чыгаруунун, Бирликтин Шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринен чыгарып салуунун, Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны Бирликтин алкагында жүгүртүүгө чыгарууга алып келген аныкталган бузуулардын жоктугу, ошондой эле шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо укугуна өтүнмө берген учурда жыл ичинде продукциянын шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун бузууларынын жоктугу;
4) сертификаттоо боюнча органда же сертификаттоо боюнча орган курамына кирген юридикалык жактын курамында продукцияга изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу, улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, Бирликтин ар бир техникалык регламентинин аккредитациялоо жаатында билдирилген 70%дан кем эмес көлөмдөгү көрсөткүчтөрү боюнча жана Бирликтин укугунда каралган аларды өткөрүү методикаларына ылайык сыноолорду/изилдөөлөрдү (өлчөөлөрдү) жүргүзүүнү камсыздоочу өздүк сыноо лабораториясынын болушу;
5) сертификаттоо боюнча органдын жана өзүнүн сыноо лабораториясынын ишин, анын ичинде жайгашкан жерин Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашыруу;
6) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары - КАБ) сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча бир органда эмгек келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган шайкештикти тастыктоо жаатындагы сертификаттоо боюнча органдын штаттык персоналы (сертификаттоо боюнча эксперттер) тарабынан гана субподрядчыларды тартпастан ар бир билдирилген иш багыты боюнча шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүү;
7) Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарынын жана/же шайкештикти тастыктоо жол-жобосунун бузуулары аныкталган жана/же негизделген даттануу келип түшкөн - шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук сертификаттоо боюнча органдан чакыртып алынган жана аталган материалдар аккредитациялоо боюнча улуттук органга жана сертификаттоо боюнча органдын ишине мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилген учурда СМБ тарабынан ай сайын мониторинг жүргүзүүгө макулдук берүү тууралуу сертификаттоо боюнча орган тарабынан кол коюлган милдеттенме;
8) декларация жөнүндө каттоону жүргүзүүгө мурда берилген укукту чакыртып алуунун жоктугу.
6. Сертификаттоо боюнча орган ай сайын (кийинки айдын 5инен кечиктирбестен) өзүнүн иши жөнүндө маалыматты (шайкештик жөнүндө катталган декларацияларды, шайкештик жөнүндө декларацияны каттоодон баш тартууну) шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берип турууга тийиш.
7. Иштердин талаптагыдай аткарылышы жана Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарынын жана/же шайкештикти тастыктоо жол-жоболорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик сертификаттоо боюнча органдын жетекчисине жана сертификаттоо боюнча тиешелүү эксперттерге жүктөлөт.