Сравнение редакций…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 токтому менен бекитилди) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана
мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо
регламенти
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792, 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Регламентте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
улуттук инвестициялык долбоорлор - бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор, алар төмөнкү багыттарды камтыйт: экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
долбоор - бул заманбап технологияларды колдонуу жана жергиликтүү эмгек ресурстарын тартуу менен өндүрүштү жана инфраструктураны түзүү, кеңейтүү жана/же модернизациялоо боюнча иш-чаралардын (аракеттердин) жыйындысы.
мамлекеттик маанидеги долбоорлор - бул мамлекеттик жана/же муниципалдык башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфраструктура чөйрөсүн өнүктүрүүгө же чыңдоого багытталган, мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу долбоорлор;
өтүнмө ээлери - долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кредиттик жана финансылык ресурстарды жана мамлекеттик колдоону алууга кызыкдар ишкердик субъекттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
инвестор - тике инвестициялар түрүндө жеке, зайымдык же тартылып келген каражаттарды салууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъекти;
ата мекендик инвестор - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жана мамлекеттик органдар;
чет өлкөлүк инвестор - ата мекендик инвестор болуп саналбаган жана инвестициялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды салууну жүзөгө ашыруучу ар кандай жеке жана юридикалык жактар;
долбоорду коштоо - долбоорду ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Комиссиянын иш тартиби
4. Комиссия өз ишин ушул Регламентке ылайык жүргүзөт.
5. Комиссиянын негизги максаты - тиешелүү тизмекке киргизүү үчүн келечектүү улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо.
Комиссиянын милдети болуп мамлекеттик преференцияларды, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди берүүнү кошуп алганда, мамлекеттик колдоо көрсөтүү, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду натыйжалуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү максатында өтүнмө ээлеринин мамлекеттик өнүктүрүү фонддорунан жана финансы-кредиттик уюмдардан кредиттик жана башка финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу саналат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Комиссия мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн чечими менен тиешелүү багыттар боюнча Комиссияга караштуу эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, инвестициялык жана финансылык институттардан өз ишин уюштуруу үчүн ишке зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана эксперттик материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- сунушталган долбоорлор боюнча эксперттик баа берүү үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
- өтүнмө ээлерине мамлекеттик өнүктүрүү фонддору жана финансы-кредиттик уюмдар аркылуу кредиттик жана финансылык ресурстарды бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштамаларды киргизүүгө.
8. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп жыйналыштар эсептелет, алар кварталына бир жолу зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда Комиссиянын жыйналышын Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрө алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Зарыл болгон учурда Комиссия төрагасынын тапшырмасына ылайык Комиссиянын чечимдери сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Сурамжылоо жолу бетме-бет талкууну талап кылбаган маселелер боюнча чечимдерди оперативдүү кабыл алуу максатында колдонулат.
Сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алуу жол-жобосу зарыл материалдары менен чечимдин долбоорун Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүүнү камтыйт.
Сурамжылоо жолу менен кабыл алынган чечим протокол менен таризделет.
Пикир келишпестиктер келип чыккан же чечимди кабыл алуу үчүн добуштардын саны жетишсиз болгон учурда маселе Комиссиянын бетме-бет жыйналышына чыгарылат.