Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна)
Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама (мындан ары - Нускама) эгерде буюм далилдери кылмыштын куралы болгон же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин, ошондой эле кылмышты табуу, иштин иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө, күнөөлүүлөрдү аныктоо же болбосо айыпты жокко чыгаруу же жоопкерчиликти жеңилдетүү каражаты катары колдонулушу мүмкүн болгон акчалардын, предметтердин, документтердин жана башка баалуулуктардын объектиси болгон деп болжолдоого негиз болсо, кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн, берүүнүн, ташуунун, жөнөтүүнүн, жок кылуунун, кайра иштетүүнүн, сатуунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле тергөөнүн жана соттун чечимдерин аткаруу тартибин белгилейт.
2. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартибин уюштуруу кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын тиешелүү жетекчилерине жүктөлөт.
3. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алууну, сактоону, өткөрүп берүүнү, берүүнү, ташууну, жөнөтүүнү, жок кылууну, кайра иштетүүнү, сатууну уюштуруу алардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. Жооптуу сактоого жайгаштырылганга чейин кылмыш иштери боюнча буюм далилдеринин сакталышы үчүн тиешелүү кылмыш иши өндүрүшүндө болгон тергөөчү жооптуу болуп саналат.
5. Кылмыш ишин тергөөчүлөрдүн тобу териштирген учурда алынган буюм далилдеринин сакталышы үчүн тергөө тобунун жетекчиси жоопкерчилик тартат.
6. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын сактоо камерасына тапшырылган кылмыш иши боюнча буюм далилдеринин сакталышы үчүн укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалган кызматкерлер (кызмат адамдары) же укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилеринин буйруктары менен дайындалган кызматкерлер (кызмат адамдары) жооптуу болуп саналат.
7. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдери болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 86-беренесинде каралган предметтер, заттар жана объекттер эсептелет.
8. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сактоо камерасы болуп кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сактоо үчүн бөлүнгөн атайын жабдылган жай таанылат.
Буюм далилдерин алардын сакталышын камсыздаган, ошондой эле алардагы буюм далилдерин алуу, алмаштыруу, бузуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу төмөнкү сактоо каражаттарында сактоого жол берилет:
- металл шкафтар - бекем, атайын ылайыкташтырылган металл шкафтар;
- металл же жыгач ящиктер - бекем, атайын ылайыкташтырылган идиштер;
- сейфтер - бекем отко күйбөс, бузулбас металл шкафтар;
- таңгактар - полиэтиленден же кагаздан, же болбосо айнектен жасалган атайын коргоочу нерселер.
2-глава. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин тариздөө жана өткөрүп берүү тартиби
9. Өндүрүшүндө тиешелүү кылмыш иши болгон тергөөчү тарабынан табылган же алынган буюм далилдери каралып, мөөр басылып жана жооптуу сактоого жайгаштырылышы керек.
10. Буюм далилдерин алуу фактысы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген процессуалдык аракеттердин протоколунда чагылдырылат.
11. Буюм далилдери менен иштөөдө белгилүү бир көндүмдөрдүн болушун, алардын сапаттык мүнөздөмөлөрүн, жеке белгилерин так белгилөөнү жана наркын аныктоону талап кылган буюм далилдерин алуу үчүн тиешелүү адистер тартылат.
12. Буюм далилдери кароо протоколдорунда толук сыпатталышы, видеого жана (же) сүрөткө тартылышы керек. Буюм далилдери тергөөчүнүн, судьянын токтомуна, соттун аныктамасына ылайык ишке тиркелет жана иште сакталууга тийиш.
13. Жардыруучу түзүлүштөрдү, ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, радиоактивдүү материалдарды, баңги каражаттарын, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттарды кызматтык бөлмөлөрдө сактоого тыюу салынат.
14. Алынган жардыруучу түзүлүштөр, ок атуучу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, баңги каражаттары, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттар алынган учурдан тартып изилдөө үчүн тийиштүү эксперттик мекемелерге жиберилүүгө тийиш.
15. Алынган жардыруучу түзүлүштөр, ок атуучу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, баңги каражаттары, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттар боюнча эксперттик изилдөө жүргүзүүдөн жана корутунду алынгандан кийин эки сутканын ичинде зарыл болгон башка тергөө аракеттерин жүргүзүү жана кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу боюнча милдеттерди аткарган адамдын жооптуу сактоосуна тапшыруу зарыл.
16. Процессуалдык аракеттердин протоколунда алынган бардык буюм далилдери, ошондой эле сыпатталуучу мүлк жазылат. Көп сандагы буюм далилдери алынган учурда протоколго тиркелүүчү жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу атайын тизме милдеттүү түрдө түзүлөт, анда ар бир алынган буюм далилдеринин так аталышы, саны, өлчөмү, салмагы, сериясы, номери жана башка айырмалоочу белгилери, алардын табылган убагы жана орду чагылдырылат.
17. Эгерде буюм далилин толугу менен алууга мүмкүн болбосо, тергөөчү иштин жагдайына жараша буюм далилинин ишке тиешеси бар издер (микроиздер) калтырылган бөлүгүн алууга укуктуу. Мында тергөөчү жабырлануучуларга жана башка адамдарга тиешелүү болгон предметтерди бузуп алуудан сактанууга, ал эми бузуп алган учурда жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу чараларын көрүүгө милдеттүү.
18. Буюм далилдери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 87-беренесинде аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык сакталат.
19. Ордендер, медалдар жана алардын документтери төмөнкү учурларда алынат:
1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого шектелген же айыпталган адамга таандык экендиги аныкталганда;
2) таандыгы жана тагынып жүрүү укугу аныкталбаган сыйлыктар жана алардын документтери табылганда;
3) шектүүнү же айыпталуучуну камакка алууда алардын сакталышын камсыздоо мүмкүн болбогондо.
20. Буюм далилдери алынат жана процессуалдык (тергөө, атайын тергөө) аракеттеринин өндүрүшүнө катышкан адамдарга көрсөтүлөт, аларды бузуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана алардагы издердин (микроиздердин) сакталышын камсыздоочу таңгакка салынат, күбөлөндүрүүчү жазуулары бар жана буюм далили алынган адамдын, алгачкы текшерүү органынын кызматкерлеринин, тергөөчүнүн, прокурордун колу коюлган биркалар тагылат, тийиштүү органдын мөөрү басылат.
21. Эгерде санынын көптүгүнө же аба-ырайынын шартына байланыштуу алынган буюм далилдеринин тизмесин түзүүгө мүмкүн болбосо, алар ушул Нускаманын 20-пунктунда аталган адамдардын күбөлөндүрүүчү жазуулары бар жана колдору коюлган биркалар тагылган таңгакка салынат. Мындай учурларда тизме процессуалдык (тергөө же атайын тергөө) аракеттери жүргүзүлгөн жерде кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен түзүлөт.
22. Процессуалдык (тергөө же атайын тергөө) аракеттеринин протоколу жана тизме эки нускада түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарына жооп бериши керек, ага алууну жүргүзгөн адам жана анда катышкан адамдар, анын ичинде буюм далили алынган адам, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү кол коёт.
23. Протоколдун жана тизменин көчүрмөсү буюм далили алынган адамга, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсүнө же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө берилет.
24. Алынган буюм далилдери каралып, кароо протоколунда толук сыпатталууга тийиш, анда буюм далилдеринин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, объектти ал сыяктуулардан бөлүп алууга мүмкүндүк берүүчү жана анын далилдик маанисин шарттаган бардык башка жеке белгилери көрсөтүлөт. Атайын билимди жана көндүмдөрдү талап кылган учурларда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 168-беренесине ылайык адис тартылышы мүмкүн.
25. Каралуучу буюм далилдери алардын жоголуп кетүү, бузулуу жана анын бүтүндүгүн бузбай алуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана андагы болгон издердин сакталышын камсыз кылуучу таңгакка салынышы керек. Таңгакка мөөр басылып, кароо жүргүзгөн адамдын жана катышкан адамдардын колу менен күбөлөндүрүлөт, бул тууралуу протоколдо тийиштүү белги коюлат.
26. Ар бир мөөр басылган таңгакка милдеттүү түрдө номер коюлат, мында таңгактын сырткы бетине же мөөр басылган таңгактагы этикеткага мөөр басууда жана протоколду тариздөөдө катышкан бардык адамдар жөнүндө кыскача маалымат, кароонун убагы жана орду жөнүндө маалымат жазылат.
27. Буюм далилдерин кароодон кийин тергөөчүнүн токтомуна ылайык буюм далилин ишке тиркөө же соттун өкүмү күчүнө киргенге же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин атайын бөлүнгөн жайга жооптуу сактоого өткөрүп берүү жөнүндө маселе чечилет.
28. Сайлуу ок атуучу куралды колдонуу менен байланышкан кылмыштар жөнүндө бардык иштер боюнча тергөөчүлөр алуудан, кароодон жана тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн кийин окторду, гильзаларды, патрондорду жана куралдын издери бар башка ок-дарыларды, ошондой эле курал болгон учурда аны Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын криминалисттик бөлүмүнө жиберүүгө милдеттүү. Ок-гильзатека боюнча сайлуу куралды текшерүү менен бир эле убакта ал ички иштер органынын маалыматтык-издөө эсебинде жоголгон жана табылган куралды ыкчам эсепке алуу боюнча текшерилет.
29. Радио берүү түзүлүштөрүн мыйзамсыз даярдоо жана пайдалануу менен байланышкан кылмыш иштерин териштирүүдө бардык колдонулган аппаратура, деталдар жана комплекттөөчү буюмдар алынат, алардын сакталышын иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн орган камсыздайт.
30. Буюм далилин сактоого жайгаштыруу үчүн негиз болуп тергөөчүнүн буюм далили катары таануу жана аны ишке тиркөө жөнүндө токтому эсептелет.
31. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт, ал эми алардын сакталышы үчүн жооптуу адам буюм далилин сактоого берген адамга ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча буюм далилин кабыл алуу жөнүндө квитанцияны берет, ал ишке тиркелет.
32. Транспорт каражаттары комиссиялык кароо акты менен биргеликте ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча сактоого өткөрүлүп берилет.