Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна)
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, жок кылуу, кайра иштетүү жана сатуу тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, жок кылуу, кайра иштетүү жана сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама (мындан ары - Нускама) укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин алуунун, эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн жана жок кылуунун бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Эгерде буюм далилдерин сактоодо аларды жабырлануучуларга, алардын туугандарына, тараптарга же башка адамдарга, ошондой эле уюмдарга белгиленген тартипте өткөрүп берилбесе, алардын буюм далилдери катары укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мааниге ээ болгон алынган предметтердин белгилерин жана касиеттерин, ошондой эле андагы издерди сактоону, буюм далилдеринин өзүн сактоого барабар камсыз кылуучу чаралар көрүлөт.
2-глава. Буюм далилдерин сактоо жана берүү
3. Буюм далилдерин сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги өзүнчө жайды - буюм далилдерин сактоо камерасын бөлүп берүүсү зарыл.
4. Буюм далилдерин сактоо камерасы стеллаждар, металл шкафтар, күзөт жана өрткө каршы сигнализация, тартып киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү, өрт өчүрүүчү (от өчүрүүчү) каражаттар, ошондой эле бекитме түзүлмөсү бар металлдан жасалган же металл капталган эшик менен жабдылат. Сактоочу жайда терезе болсо ага торчо орнотулат.
5. Буюм далилдерин сактоо үчүн мындай жайды бөлүп берүүгө мүмкүн болбосо, ушул Нускамага ылайык буюм далилдеринин сакталышын жана талаптагыдай сактоо шартын камсыз кылуучу атайын сактагыч - мөөр басылуучу металл шкаф же жетиштүү өлчөмдөгү сейф менен жабдылат (мындан ары - атайын сактоочу жайда).
6. Эгерде өтө көлөмдүү болгондугуна же башка себептерге байланыштуу предметтерди иште сактоого мүмкүн болбосо, алар фото-же видео каражаттарына тартылууга, мөөрлөнүүгө жана ыйгарым укуктуу адамдын көрсөтүлгөн жеринде сакталууга тийиш. Укук бузуулар жөнүндө ишке буюм далилдин үлгүсү, укук бузуулар жөнүндө иштеги анын турган жери жөнүндө тийиштүү маалымкат тиркелет.
7. Тез бузулуучу буюм далилдери фото-, видео жазуу түзүлмөлөрүнүн жардамы менен тартылат жана акты түзүлгөндөн кийин сактоо же болбосо сатуу үчүн ээсине кайтарып берилет. Актыда милдеттүү түрдө буюм далилдеринин тизмеги, алардын саны жана/же көлөмү, ошондой эле документ менен ырасталган болжолдуу наркы көрсөтүлөт.
Укук бузуулар жөнүндө иш мамлекеттин пайдасына чечилген учурда буюм далилдерин сактоого кайтарып берген ээси буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн тизмеге ылайык укук бузуулар жөнүндө ишти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга буюм далилдерин өткөрүп берүүгө милдеттүү. Сактоого кайтарып берилген буюм далилдери бузулган учурда ээси актыда көрсөтүлгөн алардын наркын мамлекеттин кирешесине ордун толтурууга милдеттүү.
Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүш тартибинде сот тарабынан чечилет.
8. Эгерде санынын көптүгүнө же аба-ырайынын шартына байланыштуу алынган буюм далилдеринин тизмесин түзүүгө мүмкүн болбосо, алар күбөлөндүрүлгөн жазуулары менен таңгакталат жана ыйгарым укуктуу органдын начальниги аныктаган курамда үчтөн кем эмес адамдан турган комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлат.
9. Укук бузуулар жөнүндө протокол жана буюм далилдеринин тизмеги эки нускада түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына жооп берүүгө тийиш, ага алууну жүргүзгөн адам жана анда катышкан адамдар, анын ичинде буюм далили алынган адам, ал жок болгон учурда- анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлү кол коет.
10. Протоколдун жана тизменин көчүрмөсү буюм далили алынган адамга, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсүнө берилет.
11. Буюм далилдери укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар бузуу, алуу жөнүндө протоколго же башка протоколго толук жазылат, анда буюм далилдеринин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, объектти ал сыяктуулардан бөлүп алууга мүмкүндүк берүүчү жана анын далилдик маанисин шарттаган бардык башка жеке белгилери көрсөтүлөт.
12. Каралып жаткан заттар, предметтер жана объекттер алардын жоголуп кетүү, бузулуу жана бүтүндүгүн бузбай алуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана андагы болгон издердин сакталышын камсыз кылуучу бекем жана ишенимдүү таңгакка (идишке) салынышы керек. Таңгакка мөөр басылып, кароону жүргүзгөн жана ага катышкан адамдар тарабынан күбөлөндүрүлөт, бул тууралуу протоколго тиешелүү белги коюлат.
13. Буюм далил катары таанылган автомототранспорт жана башка транспорт каражаттары (анын ичинде сууда сүзүүчү жана учуучу аппараттар) ыйгарым укуктуу адамдын тапшырмасы боюнча (эгерде аларды ээсине, анын туугандарына же башка адамдарга, ошондой эле башка уюмдарга берүүгө мүмкүн болбосо) атайын бөлүнгөн жерде сакталат. Жооптуу адамдар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт, ал укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет, кабыл алынган транспорт каражатын сактоого жооп берген жооптуу адам көрсөтүлөт.
14. Транспорт каражатын адистин катышуусунда, ал эми мүмкүн болсо анын ээсинин катышуусунда алууда, ошондой эле сактоого өткөрүп берүүдө аталган транспорт каражатынын абалын кароо актысы түзүлөт.
15. Эгерде укук бузуулар жөнүндө ишке жеке документтер маанилүү болбосо, алар бузуучуга же болбосо анын макулдугу менен жакын туугандарына кайтарып берилет.
16. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси сактоо камерасында же атайын сактоочу жайда буюм далилдерин сактоого (мындан ары - буюм далилдерин сактоо камерасы), аларды эсепке алуунун тууралыгына, аларды берүүнүн жана өткөрүп берүүнүн негиздүүлүгүнө жооптуу адамды (мындан ары - жооптуу адам) кызматкерлердин ичинен аныктайт жана жок болгон учурда аны алмаштыруунун тартибин аныктайт.
17. Буюм далилдерин сактоо камерасындагы эшик жооптуу адамдын жеке мөөрү менен басылат. Буюм далилдерин сактоо камерасынын ачкычтарын жана алардын дубликатын сактоо тартиби ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
18. Буюм далилдерин сактоо камерасына же атайын сактоочу жайга жооптуу адамдын же аны алмаштырган адамдын катышуусунда гана кирүүгө болот.
19. Жооптуу адам жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси ведомстволук акт менен анын ордун алмаштырган адамды аныктайт.
20. Мында комиссия тарабынан ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт, анда сактоого алынган предметтер жана аларды алуунун же которуштуруунун негиздери көрсөтүлөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сактоого алынган буюм далилдерин эсепке алуу китебине (мындан ары - эсепке алуу китеби) тиешелүү жазууларды киргизүү үчүн жооптуу адамга өткөрүп берилет.
21. Жооптуу адам буюм далилдерин сактоого кабыл алууда таңгактын бүтүндүгүн жана буюм далилдеринин ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин келип түшкөн токтомуна коштомо документтерде чагылдырган тизмеге шайкештигин текшерүүгө милдеттүү.
22. Буюм далилдерин сактоо камерасына буюм далилдерин сактоого кабыл алууда (же кайтарып берүүдө) жооптуу адам тариздейт жана ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча квитанцияны (тил катты) (мындан ары - квитанция (тил кат) буюм далилдерин берүүчү адамга тапшырат.
23. Көп сандагы буюм далилдерин сактоого кабыл алуу, аларды берүү жана кайтарып берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзүлөт.
24. Квитанция (тил кат) жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы эки нускада түзүлөт, алардын бири укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө, экинчиси - көктөмөгө (наряд) тиркелет.
25. Укук бузуулар жөнүндө ар бир иш боюнча буюм далилдери өз-өзүнчө сакталат.
26. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча материалга тиркелбеген, мамлекеттик жашыруун сырга ээ болгон маалыматтар жашыруун иш кагаздарды жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык сакталат.
27. Буюм далилдерин кызматтык бөлмөлөрдө жана буга туура келбеген жайларда, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин кызматтык сейфтеринде (металл ящиктерге жана шкафтарга) сактоого тыюу салынат.
28. Сактоо камерасынан буюм далилдери укук бузуулар жөнүндө ишти карап жаткан ыйгарым укуктуу адамдын чечими боюнча жана анын жетекчилигинин макулдугу менен берилет.