Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна)
Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) кылмыш иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында соттун чечими боюнча конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруунун тартибин, ошондой эле конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктү жана кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мамлекеттин менчигине айландырылган буюм далилдерин эсепке алуу, баалоо, сатуу жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Конфискацияланган, ээси жок же кароосуз калган мүлк, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же чечими, болбосо айыпталуучунун каза болгондугуна же анын акыл-эси соо эмес деп табылганына байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн же соттун токтому күчүнө киргендигине байланыштуу мамлекеттик менчикке айландырылган буюм далил тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган же ыйгарым укуктуу органдар), мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) ушул Жобого ылайык өткөрүлүп берилет.
3. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды мамлекеттин кирешесине айландыруу сот аткаруучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик уюмга жөнөтөт. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт.
Документсиз баалуу кагаздарды конфискациялоодо сот аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгаруу жана аларды компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын эсебине чегерүү жөнүндө тапшырма берүү менен конфискациялоо жөнүндө токтомду ушул баалуу кагаздарга болгон укукту эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга жөнөтөт.
Жарандык жүгүртүүдөн алынган жана жарандык жүгүртүүдө чектелген мүлк сот аткаруучулар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
Ушул Жободо белгиленген мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эсепке алуунун, баалоонун жана сатуунун атайын тартиби белгиленген, мамлекеттин менчигине келип түшкөн башка мүлккө жайылтылбайт.
4. Ушул Жободогу аныктамалар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде колдонулат.
2-глава. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү, эсепке алуу, баалоо жана сатуу
5. Сот аткаруучу мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин алган күндөн тартып соттун өкүмүндө же башка чечиминде көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет.
Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлгөндөн чаралардан кийин сот аткаруучу мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө кабарлама-катты мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Көрсөтүлгөн кабарлама-катка белгиленген тартипте соттун өкүмүнүн же соттун чечиминин (токтому же аныктамасы), конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин, соттук актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берген документтер тиркелет.
6. Ыйгарым укуктуу органдарга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн мүлккө сот аткаруучу тарабынан салынган камактан чыгарылгандан кийин жана башка органдар тарабынан салынган камак алынбастан сот аткаруучулар тарабынан төмөнкү мүлк өткөрүлүп берилет:
1) кылмыш иштеринин алкагында конфискацияланган;
2) укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында конфискацияланган;
3) кылмыш иши же укук бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далили деп таанылган, соттун өкүмүнүн же чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө соттун чечимине (токтомуна, аныктамасына) даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мамлекеттин менчигине айландырылган буюм далили (мындан ары - буюм далили же буюм далилдери).
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкү буюм далилдери жана конфискацияланган мүлк кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен өткөрүп берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк (жер участоктору, турак жайлар, алардын бөлүктөрү, алардын чарбалык курулуштары, дачалар, гараждар, батирлер, имараттар жана курулмалар ж.б.);
2) автотранспорт каражаттары, түрүнө карабастан айыл чарба техникасы, суу, аба транспорту жана өзү жүрүүчү техниканын башка түрлөрү;
3) күйүүчү-майлоочу материалдар (бензин, дизель майы, суюлтулган мунай газы, кысылган жаратылыш газы), майлоочу материалдар (мотордук, трансмиссиялык жана атайын майлар, пластикалык майлагычтар), атайын суюктуктар (тормоздук жана муздатуучу);
4) акциялар, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталындагы үлүштөр, баалуу кагаздар;
5) телевизорлор, мобилдик түзүлүштөр жана аларга комплекттөөчүлөр, тиричилик техникасы, кубаттоочу түзүлүштөр, жеке гигиена каражаттары, автомобилдин курамдык бөлүктөрү, кийим-кечелер, ошондой эле ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктөн тышкары башка мүлк.
Ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн мүлктү сатуу үчүн менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулат.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары буюм далилдерин жана конфискацияланган мүлктү өткөрүп берүү ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык сот аткаруучусу тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча ыйгарым укуктуу органдарга алардын компетенциясына ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен жүзөгө ашырылат.
9. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобонун 7 жана 16-пункттарына ылайык алардын компетенциясы боюнча буюм далилдерин жана конфискацияланган мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде оперативдүү башкарууга же чарбалык жүргүзүүгө токтоосуз кабыл алууга милдеттүү.
10. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын конфискацияланган жана мамлекеттин менчигине айландырылган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
11. Мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты мүлк жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) түрү (кыймылдуу, кыймылсыз);
2) аталышы;
3) саны (көлөмү, аянты, даана ж.б.);
4) кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери;
5) идентификациялык реквизиттер (идентификациялык код, марка, модель, мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар);
6) мүлктүн документтери жөнүндө маалыматтар (бар болсо);
7) мүлктү өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналган соттун же ыйгарым укуктуу органдардын актысы;
8) белгиленген тартипте аныкталган мүлктүн наркы;
9) болгон башка маалыматтар.
12. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине айландырылган буюм далилдерин, конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды тартууга укуктуу.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган биринчи жолу мамлекеттин менчигине өткөн буюм далилдерин, конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү категориялар боюнча эсепке алууну мындай мүлктүн маалыматтарын Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү жолу менен жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 7-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн буюм далилдерин жана конфискацияланган мүлктү сатуу боюнча чечим кабыл алат.