Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 696-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 3-марты № 136-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пунктта "аткаруу бийлигинин органдары", "февралына" деген сөздөр тиешелүү түрдө "мамлекеттик органдар", "сентябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:";
- 4-пунктчада "аткаруу бийлигинин органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-пункттун 1-пунктчасында "аткаруу бийлигинин органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартиби ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мыйзамдарды аткаруу модулу (системасы) (мындан ары - мыйзамдарды аткаруу системасы) аркылуу аткаруу маселелерин жөнгө салат.
2. Мыйзамдарды аткаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети), мамлекеттик органдарга өзүнүн ченемдик жана/же ченемдик эмес мүнөздөгү чечимдерин Кыргыз Республикасынын кабыл алынып жаткан мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык келтирүү тапшырмаларын ишке ашыруу процессин билдирет.
Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү Министрлер Кабинетинин чечимдерин, мамлекеттик органдардын чечимдерин белгиленген тартипте иштеп чыгуу, илгерилетүү жана кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Мыйзамдарды аткаруу системасы мыйзамдарды ишке ашырууга кабыл алынган/кабыл алынбаган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (мындан ары - Бирдиктүү портал) жайгаштырылуучу Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин көрсөтүү менен мыйзамдардын тизмегин өзүнө камтыган автоматташтырылган модулду билдирет.
4. Мыйзамдарды аткаруу процесси өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) мамлекеттик органдар тарабынан тармактык мыйзамдардын тизмегин түзүү жана жүргүзүү;
2) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча тармактык мыйзамдарды талдоо;
3) мыйзамдардан келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
4) мыйзамдарды аткаруу системасында мыйзамдардын аткарылышынын абалы жөнүндө маалыматты толтуруу.
5. Мамлекеттик органдар мыйзамдарда жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жоболордо белгиленген компетенциянын чегинде мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат.
2-глава. Мыйзамдардын тизмегин түзүү тартиби
6. Мамлекеттик органдар мыйзамдарды аткаруу системасын Бирдиктүү порталдагы жеке кабинеттер аркылуу толтурууну камсыз кылат.
7. Төмөнкүдөй маалыматтар толтурулууга тийиш:
1) реквизиттерди көрсөтүү менен мыйзамдын аталышы (система тарабынан автоматтык түрдө толтурулат);
2) мыйзамды ишке ашырууга Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин кабыл алуу талап кылынат/талап кылынбайт;
3) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынган чечимдери жана мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында өткөрүп берүү жөнүндө актылардын негизинде кабыл алынган буйруктары;
4) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынбаган чечимдери (аткаруу баскычы);
5) жооптуу мамлекеттик орган (түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдү көрсөтүү менен);
6) эскертүү (зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды көрсөтүү керек).
8. Тармактык мыйзамдардын тизмегине төмөнкүлөр киргизилет:
1) негизги (бүтүн) мыйзамдар;
2) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар;
3) мыйзамды (мыйзамдарды) күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзамдар.
9. Тизмекте тармактык мыйзамдар хронологиялык тартипте (кол коюлган дата боюнча) жайгаштырылат. Тармактык мыйзамдар бир эле кол коюлган датанын чегинде алардын каттоо номерлерине ылайык улам жогорулаган тартипте жайгаштырылат.
10. Тармактык мыйзамдардын тизмегин актуалдаштыруу туруктуу негизде автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
11. Мыйзамдардын бирдиктүү тизмеги өзүнө 1990-жылдан тартып азыркы убакка чейинки мезгилде кабыл алынган мыйзамдарды камтыйт.
12. Мыйзамдарды аткаруу системасына техникалык талаптар, пайдалануучулук макулдашуу жана мыйзамдарды аткаруу системасы менен иштөө боюнча колдонмо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.