Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521, 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин тартибин, ошондой эле Департаменттин укуктук статусун, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, аскер кызматчыларынын статусун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнү белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) төрагасынын буйруктарын жана Кызматтын ички ведомстволук актыларын жетекчиликке алат.
3. Департамент Кызматтын ведомстволук түзүмү болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы боюнча - мекеме.
Департамент юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, Күжүрмөн Туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылган эсеби бар.
4. Департамент өз ишин Кызматтын төрагасынын жетекчилиги жана координациясы алдында жүргүзөт жана ага жүктөлгөн милдеттерди Кызматтын башкармалыктары, түзөтүү мекемелеринин администрациялары, Кыргыз Республикасынын соттору, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн субъекттери менен өз ара аракеттенүү менен, ал эми аскердик жана өзгөчө абалдар жарыяланганда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарат.
5. Департаменттин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Департамент охраны и конвоирования Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККД";
- расмий тилде: "ДОК".
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720021, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94.
2-глава. Негизги милдеттери жана функциялары
7. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кызматтын түзөтүү мекемелерин, борбордук аппаратын жана бейтапканасын кайтаруу;
2) компетенциясынын чегинде соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди аткарууда экстрадициялоо;
3) коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына көмөктөшүү;
4) соттолгондорду дарылануу мезгилинде саламаттык сактоо мекемелеринде, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан, конвой менен коштоо жана кайтаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча өздүк курамды күжүрмөн даярдыкта кармоо;
2) түзөтүү мекемелерин жана режимдик объекттерди кайтарууну камсыздоо;
3) соттолгондорго жана камакка алынган адамдарга тыюу салынган предметтерди өткөрүп берүүнү жана аларды режимдик объекттердин аймагына ыргытуу аракеттерин алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды колдонуу;
4) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды Бишкек шаарында жайгашкан түзөтүү мекемелерине, тергөө изоляторлоруна жана сотторго, алардын көчмө сессиялары болгон жерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерди аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда конвой менен коштоо;
5) өз компетенциясынын чегинде башка укук коргоо органдары менен бирге өз ара аракеттенүүдө ыкчам-издөө ишин уюштуруу, жүзөгө ашыруу жана алгачкы териштирүүнү жүргүзүү;
6) массалык эпидемиялардын жана эпизоотиялардын шарттарында карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө, массалык кыйратуучу куралды колдонуунун, ири өрттөрдүн жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда түзөтүү мекемелеринде тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоого катышуу;
7) түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун, ошондой эле камакка алынган адамдардын аба, темир жол же автомобиль транспортунда коштоп жүрүүдө, сот мекемелеринде массалык баш ийбөөчүлүгүнө жана баш аламандыгына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
8) жаза аткаруу системасынын ишине тийиштүү Кыргыз Республикасынын пландарынын жана мамлекеттик программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
9) экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү (бирге) боюнча чараларды көрүү;
10) түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо маселелери боюнча чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын сот органдарынын жана Кызматтын соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды тергөө изоляторлорунан сотторго коштоп жүрүү маселелери боюнча өтүнмөлөрүн кароо жана аткаруу;
12) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү кызыкчылыктарында өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
13) Департаментти байланыштын бардык түрлөрү, байланыштын жана автоматташтыруунун каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;
14) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыздоо;
15) Департамент үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
16) согуштук, оорук, техникалык, материалдык, финансылык, медициналык, маалыматтык, моралдык-психологиялык жана камсыздоонун башка түрлөрүн уюштуруу, ошондой эле оңдоо иштерин, чарбалык жана башка ишти жүргүзүү, казармалык-турак жай фондун күтүү жана эксплуатациялоо;
17) Департаментте курал-жаракты, согуштук жана атайын техниканы, материалдык-техникалык жана атайын каражаттарды колдонууну пландоо жана уюштуруу, ошондой эле аларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте сатып алуу;
18) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча өндүрүшү Департаменттин компетенциясына кирген иштер боюнча бузууларды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу боюнча ишти уюштуруу жана жүргүзүү;
19) Департаменттин бирдиктүү маалыматтык саясатын түзүү, Департаменттин кызматтык-күжүрмөн иши жөнүндө коомчулукка маалымдоо, басма ишин уюштуруу жана жүргүзүү;
20) Департаменттин аскер кызматчыларын жана кызматчыларын, пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана камсыздоо;
21) илимий, окуу материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү;
22) санариптик технологияларды, электрондук башкарууну жана документ жүгүртүүнү ишке киргизүү;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
Департаменттин аскер кызматчыларынын ушул пункттун 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга тартуу Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими менен жүргүзүлөт.
9. Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо боюнча милдеттерди аткаруучу Департаменттин аскер кызматчылары белгиленген ченемдерге ылайык зарыл болгон атайын каражаттар, курал-жарак, байланыш каражаттары жана атайын коргоо каражаттары, согуштук жана атайын техника менен камсыздалат.