Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Келечек" мамлекеттик ишканасынын уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Келечек" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 158-беренесине, "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (мындан ары - ЖАМК) түздөн-түз баш ийүүсүндө турат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти жана координацияны ишке ашырат.
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Келечек" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Келечек" Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
5. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктарында, башка финансы-кредиттик мекемелеринде жана чет өлкөлөрдө эсептери (анын ичинде алыш-бериш жана валюталык), мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ишкердик ишти жүргүзөт жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.
8. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен киргизилет.
9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 281а.
2-глава. Ишкананын ишинин максаттары жана милдеттери
10. Ишкана Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын киреше алып келүүчү ишин жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, соттолгондорго жаза өтөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соттолгондорду эмгекке тартуу максатында түзүлгөн.
11. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- соттолгондорду иш менен камсыз кылуу;
- өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу;
- продукцияны жана товарларды сатуу;
- тооруктарды өткөрүү, тооруктарга чыгарылган товарлар боюнча суроо-талапты жана сунуштарды аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана аларга катышуу;
- функциялык милдеттерди чечүү үчүн түз инвестицияларды тартуу;
- мыйзамдардын алкагында башка ишкердик ишти жүргүзүү.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
12. Ишкана ушул Устав менен аныкталган максаттарга жетүү жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте соода бюллетенди, маалымдамаларды, ошондой эле башка маалыматтык жана жарнамалык басылмаларды чыгарууга;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, ошондой эле милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан кандай болбосун юридикалык жактар, ошондой эле жарандар менен Ишкананын ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык, берилген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу үчүн жана башка максаттарда тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөө менен адистерди тартууга;
- Ишкананын милдеттерин аткарган адамдарды иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жарандарды, анын ичинде соттолгондорду мыйзамдарда белгиленген тартипте Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн тартууга;
- өндүрүштүк, соода-сатып алуу иштери, товарларды экспорттоо жана импорттоо менен алектенүүгө;
- уставдык милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон өндүрүштүк участокторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- коммерциялык негизде улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валюталарда алынган кредиттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга;
- жарнама берүүчү катары чыгууга;
- көрсөткөн кызматтары үчүн сый акы алууга.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка укуктарга ээ.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык иштегендер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставдык ишти камсыз кылуу үчүн түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү, ошондой эле алар үчүн эмгектин коопсуз шарттары менен камсыз кылууга, алардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- салык жана башка органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана чегерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген, ушул Уставда каралбаган башка милдеттерге ээ.