Загрузка документа…
6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Курулуш объекттеринин дирекциясы" мекемесинин уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Курулуш объекттеринин дирекциясы" мекемесинин (мындан ары - Мекеме) ишин, Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объектилерин (имараттарын, курулмаларын жана алардын комплекстерин, коммуникацияларын) өзгөртүү (кеңейтүү, модернизациялоо, реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо) жана (же) жаңыларын куруу, ошондой эле курулуш, монтаждоо, атайын жана башка жумуштарды аткаруу менен байланышкан милдеттерди пландоодо жана ишке ашырууда Мекеменин негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин регламенттейт.
2. Мекеме өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик-техникалык документтерин жана методикалык көрсөтмөлөрүн жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Мекеме юридикалык жак болуп саналат жана мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт. Мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) карамагында турат. Уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасында курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү маселелери боюнча ЖАМКтын бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери менен өз ара аракеттенет, белгиленген тартипте келишимдерди түзөт, Мекеменин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
5. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Курулуш объекттеринин дирекциясы" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Дирекция строящихся объектов" Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Мекеменин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЖАМК КОД" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "ДСО ГСИН".
6. Юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 106.
7. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылуучу эсептери болот.
2-глава. Максаты, негизги милдеттери жана функциялары
8. Мекеменин максаты Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттеринин курулушун камсыз кылуу, анын ичинде негизги фонддорду, эмгектик, материалдык ресурстарды, капиталдык салымдарды пайдаланууну жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди аткаруу болуп саналат.
9. Мекеме төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарат:
1) даярдоо стадиясында:
- курулуш аянтын тандоо;
- бардык зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди жана макулдашууларды алуу;
- долбоорлоочуларды, подрядчыларды, өндүрүүчүлөрдү жана жабдууларды жеткирүүчүлөрдү алдын ала тандоо;
2) ишке ашыруу стадиясында:
- курулуш аянтын даярдоо;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, курулушта кызматтарды көрсөтүү боюнча аткаруучуларды тандоо жана келишимдерди түзүү;
- подряд келишиминде каралган материалдык жана башка ресурстарды берүү;
- жумуштардын, колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатын контролдоо;
- аткарылган иштерди кабыл алуу;
- жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында төлөө;
- объектти эксплуатацияга берүү;
- объекттерди менчик ээсине же эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берүү.
10. Милдеттерди аткаруу үчүн Мекеме төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
- ЖАМКтын имараттарына жана мекемелерине курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкештигине мониторинг жүргүзүү;
- белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү, изилдөө иштерин, ал эми зарыл болгон учурда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш подрядынын келишиминин шарттарын макулдашуу жана аны түзүү;
- иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерди подрядчыга өткөрүп берүү;
- ишти аткаруу графигин бекитүү жана контролдоо;
- курулуш мезгилинде подрядчыны электр энергиясы, газ, суу менен өндүрүш иштеринин долбооруна ылайык болгон булактардан камсыз кылуу;
- инженердик тармактардан ажыратуу, жабдууларды, механизмдерди жана түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча иштерди уюштуруу;
- курулуштун катышуучулары менен курулуш подрядынын келишимдерин түзүүнүн жана аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу;
- ишке киргизүү иштерин уюштуруу;
- курулушту, иштин көлөмүнүн, наркынын жана сапатынын долбоорлорго, сметалык эсептөөлөргө жана келишимдик бааларга, бул жумуштарды аткаруу жана кабыл алуу боюнча курулуш ченемдерине жана эрежелерине шайкештигин белгиленген тартипте техникалык көзөмөлдөө;
- подрядчы тарабынан мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын көрсөтмөлөрүнүн жана автордук көзөмөлдүн, шефмонтаждык уюмдардын курулуштун коопсуз методдору боюнча талаптарынын аткарылышын, жумуштардын жана колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын контролдоо;
- подряддык келишимдин шарттарына ылайык аяктаган иштерди подрядчыдан кабыл алуу;
- ЖАМКтын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча курулушту убактылуу токтотуу жана объектти консервациялоо боюнча чечим кабыл алуу, консервациялоо боюнча иштерди аткарууга сметаны бекитүү жана алардын сапаттуу аткарылышын контролдоо;
- консервацияланган объекттерди подрядчыдан кабыл алуу жана материалдык баалуулуктардын сакталышын уюштуруу;
- жабдууларды жана агрегаттарды күбөлөндүрүү жана сыноо тартибин тиешелүү уюмдар менен макулдашуу;
- мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын кабыл алуусуна курулушу аяктаган жана эксплуатацияга даяр объекттерди, зарыл материалдарды берүү, ошондой эле мамлекеттик кабыл алуу комиссияларына катышуу;
- объекттерди андан ары белгиленген тартипте эксплуатациялоо жүктөлгөн ЖАМКтын ведомстволук бөлүмдөрүнө курулушу аяктаган объекттерди эксплуатациялоого берүү;
- пайдаланылбаган мүлктү белгиленген тартипте сатуу жана курулушу аяктаган объект боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
- курулуш боюнча эсепке алууну жүргүзүү жана отчет берүү, ошондой эле белгиленген тартипте бухгалтердик отчетторду жана баланстарды берүү;
- Мекеменин максаттарына жана милдеттерине жооп берген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштерди жүргүзүү.
Атайын уруксаттарды талап кылган иштин түрлөрү боюнча Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тийиштүү компетенттүү органдары берген уруксаттардын же лицензиялардын негизинде жүргүзөт.