Загрузка документа…
7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна)
Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо тартиби (мындан ары - Тартип) жаза аткаруу системасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык конвой менен коштоону жана кайтарууну жүзөгө ашыруунун уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт.
2. Конвой менен коштоонун максаты соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароолдун кайтаруусунун алдында коштоо жана бул адамдардын качып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелерин (мындан ары - ТМ) кайтаруунун жана коргоонун максаты ТМнын коопсуздугун, тышкы кол салуулардан коргоону камсыз кылуу, качып кетүү жана мыйзамсыз кирүү аракеттерин, тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз ыргытууларды, бекитип өткөрүүлөрдү жана өткөрүп берүүлөрдү болтурбоо болуп саналат.
3. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоону сот органдарынын жана жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти (мындан ары - Департамент) жүзөгө ашырат.
ТМны кайтаруу Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ТМнын администрациясы жана башка өз ара аракеттеги органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырылат.
4. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоону, ТМны кайтарууну жана коргоону жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү бөлүмдөрдүн командирлеринин чечими боюнча Департаменттин өздүк курамы кара күчтү, курал-жаракты, согуштук жана атайын техниканы, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын (мындан ары - КИТК), байланыш каражаттарын, аудио, видео байкоо каражаттарын, атайын автотранспорт каражаттарын, кызматтык иттерди жана атайын каражаттарды колдонуу укугун берүү менен ишке тартылат.
5. Дарылоо мекемелеринде жана жардыргыч жана тез күйүүчү заттар сакталган жерлерде аялдарга, балдарга, майыптыктын ачык белгилери бар адамдарга каршы атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
6. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 7-главасынын талаптарына, ички кызматтын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоонун, түзөтүү мекемелерин кайтаруунун жана коргоонун негизги милдеттери
7. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоонун, ТМны кайтаруунун жана коргоонун негизги милдеттери төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) конвой менен коштоону жүзөгө ашырууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
2) кароолдун курамын, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
3) кабыл алуу пунктунан соттун администрациясынын имараттарына, тергөө изоляторлоруна жана ТМга чейин, ошондой эле алардын ортосунда соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо;
4) ТМны кайтарууну камсыз кылуу, алардын бүтүндүгүн бузуу жана ТМга мыйзамсыз кирүү аракеттерин алдын алуу;
5) адамдардын, транспорт каражаттарынын, уруксат берилген жүктөрдүн жана товарлардын өтүшүн контролдоо;
6) конвой менен коштоо убагында тартипти камсыз кылуу, айыпталуучулардын жана соттолгондордун конвой менен коштоодон, сот процесстери өткөн жерлерден жана ТМдан качуу аракеттерин алдын алуу;
7)тыюу салынган предметтерди ТМга мыйзамсыз ыргытууну, бекитип өткөрүүнү жана өткөрүп берүүнү аныктоо жана алдын алуу;
8) ТМ администрациясына тартипти калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүү.
3-глава. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо
8. Конвой менен коштоо - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароолдун кайтаруусунун алдында кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин коштоо.
9. Конвой менен коштоо төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) пландуу - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды белгилүү бир убакытта, алмаштыруу пункттарында бараткан жолдо аларды кабыл алуу жана тапшыруу менен белгиленген багыттар боюнча автотранспорт, аба каттамдарынын жолдору аркылуу конвой менен коштоо;
2) кездешме - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды ТМдан жана тергөө изоляторлорунан алмаштыруу пункттарына жана кайра артка атайын автомобилдерде конвой менен коштоо;
3) өтмө - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды автомобилдерде жана самолеттордо кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
4) өзгөчө - өзгөчө кооптуу кылмышкерлерди жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууга өкүм кылынган, диний-экстремисттик иш үчүн соттолгон адамдарды самолеттордо жана автомобилдерде кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
5) соттук - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды атайын автомобилдерде сотторго, алардын көчмө жыйналыштарынын иштөө пункттарына жана кайра артка конвой менен коштоо, соттук жыйналыштар убагында бул адамдарды кайтаруу;
6) эшелондук - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды 300 адамдан кем эмес топтордо атайын автомобилдерде кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо.
10. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) соттолгондорду коштоочу документтери менен кабыл алуу жана өткөрүп берүү;
2) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароо, жеке жана башка буюмдарын тинтүү;
3) кароодо жана тинтүүдө ТМга алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салынган предметтерди алып коюу;
4) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
5) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана качуу аракеттерин алдын алуу;
6) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо убагында тартипти жана эрежелерди сактоонун мыйзамдуулугун камсыз кылуу;
7) соттолгондор жана камакка алынган адамдар качканда кайтаруу линиясынан өткөн учурда куралды, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонуу.
Конвой менен коштоодо турган соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын уруксат берилген предметтери (сакал алуу үчүн буюмдар, айнек жана фарфор идиштер, кол жана чөнтөк сааттар, кремний жана пьезо элементтүү жандыргычтар) кароолдун курамына сактоого өткөрүлүп берилет жана алар дайындалган жерге жеткирилгенден кийин кайтарылып берилет.
Конвой менен коштоо учурунда соттолгондорго тамак-аш азыктарын, акча, кат-кабарларды, спирт ичимдиктерин, жеке буюмдарды, тыюу салынган предметтерди, зер буюмдарды жана заттарды берүүгө тыюу салынат.
11. Конвой менен коштоо учурунда кайтаруу линиясы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) транспорт каражаттарында, автомобилдерде, самолеттордо жана жайларда, сот жыйналышынын залдарында (бөлмөлөрүндө) - дубалдар (борттор), пол, чатыр (шып);
2) соттолгондор үчүн убактылуу кармоочу камераларда - жайдын (бөлмөнүн, камеранын, залдын) дубалдары, полу, шыбы, эшиктери жана терезелери;
3) жөө конвой менен коштоодо - күзөтчүлөр колоннасынан жакын болгон жайгашуу линиясы (соттолгондордун колоннасынын айланасында 7 (жети) метр аралыктагы шарттуу линия).
Жеке кароо соттолгондор жана камакка алынган адамдар менен бир жыныстагы ТМнын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан жүргүзүлөт.
12. Соттолгондор өзүндө алып жүрүүгө тыюу салынган буюмдардын, предметтердин, документтердин жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
13. Кароо соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын кароолдун курамына кол салуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу коопсуздук чараларын сактоо менен, ал эми зарыл болгон учурда медициналык кызматкердин катышуусу менен жүргүзүлөт.
14. Конвой менен коштоо кыймылдын багыттарын, атайын автомобилдерди, атайын каражаттарды жана курал-жарактарды, ошондой эле өз ара аракеттенүүчү органдардын күчтөрүн жана каражаттарын камтыйт,
Конвой менен коштоо багыттары Департаменттин башчысы тарабынан аныкталат.