Документке
Мурунку25.12.2024
Жаңы26.12.2024

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 2024-жылдын 25-декабрындагы   №29-2/2         

 

Ысык-Кѳл областык мамлекеттик статистика башкармалыгынын имаратын Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 17-декабрындагы чыг:№01-17-685 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын II сессиясы

                                                             токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Орозова №5 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1869 м2 Ысык-Кѳл областык мамлекеттик статистика башкармалыгынын имаратынжер тилкеси менен, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.