КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/4
Жер тилкелерин алмашуу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 18-декабрындагы чыг:№01-17-716 жана 2024-жылдын 04-июлундагы чыг:№01-8/301 Каракол шаары боюнча ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлʏмʏнʏн башчысы Н.Т.Асаналиевдин билдирʏʏ каттарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын II сессиясы
токтом кылат:
- Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Кутманалиев кѳчѳсʏндѳ жайгашкан, идентификациялык коду 2-01-03-01220111, аянты 600,0 м2 тʏзгѳн муниципалдык жер тилкени, Каракол шаарынын Кутманалиев-Крутиков атн. кѳчѳлѳрʏ тарапта жайгашкан идентификациялык коду 2-01-03-01220061 жалпы аянты 2185,0 м2 тʏзгѳн жер тилкенин кʏн чыгыш тарабынан 600 м2 бирдей жер тилкеге алмаштырсын.
- Муниципалдык менчикте турган бирдей баадагы же барабар болгон жер тилкелерди жеке менчиктеги жерлерге алмаштырууда, Каракол шаардык Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы №26-36/8 “Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык менчигин инвентаризациялоо жѳнʏндѳ” токтомунун 2 пункту колдонулбайт.
- Муниципалдык мʏлк башкармалыгы жер тилкелеринин алмаштыруу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык алып барсын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларга жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков