Документке
Мурунку21.01.2025
Жаңы21.01.2025

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫ

(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 27-январы №13

Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 10-декабрында аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алуу жана 2025-жылдын 9-январында документтерди кабыл алууну узартуу жөнүндөгү жарыясынын негизинде, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жактырылсын (тизме тиркелет).

 

2.Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

Б.Т. Баетов

Ош шаардык Кеңешини 2025жылдын 21- январындагы №13 токтомуна тиркеме