КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабрындаг №29-2/17
Социалдык ʏй куруу ʏчʏн мурда берилген жер тилкесин алмаштырууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а.2024-жылдын 24-декабрындагы чыг:№01-11/2007 катын карап жана талкуулап, жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун маалыматын угуп, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын II сессиясы
токтом кылат:
- Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын “Кашка-Суу” кичирайонунда жайгашкан, жалпы аянты 0, 86 га жер тилкесин, Каракол шаарынын “Кашка-Суу” кичирайону №13а дарегиндеги, аянты 4800,0 м2 тʏзгѳн жер тилкени идентификациялык коду 2-01-02-0060-0675 жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, “Кашка-Суу” кичирайону менен тѳрѳт ʏйʏ тарапта жайгашкан, аянты 3800,0 м2 тʏзгѳн жер тилкени тʏзѳтʏʏ иштеринен кийин, кѳп кабаттуу, кѳп батирлʏʏ турак-жайларды куруу ʏчʏн алмаштырууга макулдук берилсин.
- Каракол шаарынын мэриясы аукциондун жеңʏʏчʏсʏ менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык сатып алуу жана сатуу келишимин тʏзсʏн.