Документке
Мурунку25.12.2024
Жаңы26.12.2024

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/18                             

 

Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын  биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 25-декабрындагы чыг:№01-17/881 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын II сессиясы

                                                             токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Гебзе №117 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 0,5 ганы тʏзгѳн жер тилкесин, анын ичинен 0,15 га футбол аянтчасы менен кʏрѳш залын куруу, 0,35 гектарына кѳп кабаттуу турак-жай куруу ʏчʏн,  инвестициялык долбоорду ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, бѳлʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаарынын мэриясы инвесторлор менен инвестициялык келишим тʏзсʏн.