Редакцияот 13.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги сегизинчи сессиясынын

 

2025-жыл 13-февралындагы №8-7

 

Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга чейинки орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-январындагы № 01-28/43 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кызыл Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.    Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга чейинки орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.    Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга чейинки орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

 

А. Алимов