Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамстандарт) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын негизги талаптарын ишке ашыруучу жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди белгилейт жана жөнгө салат.
2. Мамстандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) бирдиктүү билим берүү мейкиндигин социалдык кепилдөөнү жана сактоону;
2) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, жалпы билим берүү программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууну;
3) жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги предметтик стандарттардын жана жалпы билим берүү программаларынын улантуучулугун;
4) билим берүүнүн сапатын башкарууну;
5) Кыргыз Республикасында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөөнү;
6) Мамстандартты ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына, ошондой эле башталгыч кесиптик, педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына карата талаптарды аныктоо үчүн негизди.
3. Мамстандарт төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:
1) эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган жалпы билим берүүнүн улуттук системасын түзүү;
2) билим берүү менен жалпы камтууну жана окутуу үчүн бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
3) билим берүү программасынын минималдуу мазмунун, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн деңгээлдери боюнча компетенттүүлүк негизде даярдоонун базалык талаптарын, ошондой эле окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу формалдуу билим берүүнүн талаптарынын макулдашылган жыйындысын белгилөө;
4) тарбиянын, өнүктүрүүнүн жана окутуунун бирдиктүүлүгүн камсыздоо, глобалдашкан дүйнөдө тез өзгөргөн коомдо жашоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандыруу, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу маданиятын калыптандыруу жана аны менен таттуу мамиледе жашоону билүү үчүн дисциплиналар аралык мамиленин негизинде табигый-илимий жана математикалык багыттагы окуу предметтеринин ролун күчөтүү;
5) жарандык мекенчилдикти, жалпы жарандык аң-сезимди, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти, улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик сыяктуу сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзүүчү тарбиялык жана социалдык-гуманитардык потенциалды күчөтүү;
6) профилдик окутууну киргизүү;
7) билим берүү процессинин катышуучуларынын (билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогдорунун, билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жалпы билим берүүнүн максаттарына жана тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн жана окутуунун натыйжаларына жетишүүдөгү жоопкерчилик чөйрөсүн бекемдөө.
4. Мамстандарт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык маанидеги документтеринде аныкталган артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн зарылдыгына жараша кайра каралат жана жаңыланат.
5. Мамстандартта төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмегин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилеген документ;
баалуулук - жарандардын акыл-эсин, ой-сезимин, пикирин, табитин жана жалпы маданиятын калыптандырган жана өнүктүргөн, ошону менен бирге коомдун алга жылышына оң таасирин тийгизген салттуу жана заманбап, рухий жана материалдык, улуттук жана дүйнөлүк туруктуу болмуштар;
билим берүү чөйрөсү - иштин белгилүү чөйрөсүнө таандык, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан ыңгайлашкан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;
билим берүү (окуу) программасы - предметтик стандарттын негизинде иштелип чыккан жана предметтин мазмунун темалары, бөлүмдөрү жана окутуу мезгилдери боюнча бөлүштүргөн, уюштуруу-педагогикалык шарттарды, анын ичинде болжолдуу календардык-тематикалык пландаштырууну жана билим алуучулардын жетишкендиктерин баалоонун формаларын жөнгө салуучу документ;
баалоо - билим алуучулардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар турмушта зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле бул иштин натыйжаларынын шайкештигин аныктоо үчүн кайтарым байланышты жүзөгө ашырууга багытталган билим алуучулардын таанып-билүү ишин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;
диагностикалык баалоо - билим алуучунун калыптанган компетенцияларынын прогрессин андан ары баалоо үчүн анын башталгыч деңгээлин аныктоочу процесс;
жалпы билим берүү - бүтүрүүчүнүн коомдо активдүү иштеши үчүн жетиштүү болгон, анын деңгээлдерине ылайык келген билимди, жөндөмдөрдү, баалуулуктарды жана тажрыйбалык көндүмдөрдү камсыз кылуучу тарбиялоо жана окутуу системасы;
жашыл көндүмдөр - экологиялык коопсуз жашоо ыкмаларын өздөштүрүү, туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду өнүктүрүү жана колдоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон билим, баалуулуктар жана мамилелер;
интеграция - билим алуучулардын дүйнөнү бирдиктүү кабылдоосун калыптандырууга жана негизги компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган айрым предметтердин, билим берүү чөйрөлөрүнүн, жалпы эле билим берүү процессинин алкагындагы мазмундун түзүмдүк компоненттеринин ортосундагы байланыштарды түзүүнү жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздаган процесс;
компетенттүүлүк мамиле - билим берүү процессинин концептуалдык негизи, ал билим алуучулардын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрдү калыптандырат;
критериалдык баалоо - так аныкталган, биргелешип иштелип чыккан, билим берүүнүн максаттарына жана мазмунуна шайкеш келген жана билим алуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзгөн, билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн алдын ала белгилүү болгон критерийлер менен салыштырууга негизделген билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо;
калыптандыруучу баалоо - билим алуучулардын окутуу процессинде кандай деңгээлде экендигин, алар кайсы жерде кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын жана билим алуучу менен педагогдун окутуу процессин жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасаш керектиги жөнүндө педагогду маанилүү маалымат менен камсыздаган баалоо;
модулдук-уя ыкмасы - негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган билим берүү мазмунун системалаштыруу үчүн методологиялык негиз. Анын структурасы билимдин жана жөндөмдөрдүн жаңы элементтерин толуктоо мүмкүнчүлүгү менен кеңири компетенттүүлүктөрдү жана алар менен байланышкан негизги көндүмдөрдү бириктирген "уяларга" негизделген;
негизги компетенттүүлүктөр - социалдык, мамлекеттик, кесиптик заказга ылайык аныкталган, көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылуучу жана билим алуучулардын социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжалары;
окутуу - билим алуучулардын билимди, жөндөмдөрдү, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү, билимин күнүмдүк жашоодо колдонууда тажрыйбага ээ болуу жана өмүр бою билим алууга шыктануусун калыптандыруу боюнча ишин уюштуруунун максаттуу багытталган процесси;
предметтик стандарт - предметтин алкагында билим алуучулардын билим алуудагы натыйжаларын, аларга жетишүү ыкмаларын жана өлчөө жолдорун регламенттөөчү документ;
предметтик компетенттүүлүктөр - билим берүү натыйжаларынын жыйындысы түрүндө айрым предметтердин материалында аныкталуучу компетенттүүлүктөр;
суммативдик (учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу) баалоо - билим алуучулардын окутуунун натыйжаларына жетишкен даражасын аныктоо, алар баа коюу менен туюндурулат;
тарбиялоо - инсанды өнүктүрүүгө, коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелеринин жана ченемдеринин, социалдык-маданий, руханий адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде билим алуучуга өзүн-өзү аныктоого жана социалдашууга шарттарды түзүүгө багытталган иш;
функционалдык сабаттуулук - адамдын ишинин, баарлашуунун жана социалдык мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө ар кандай практикалык жана турмуштук маселелерди чечүү үчүн окутуу процессинде дайыма алган билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн колдоно алуу жөндөмдүүлүгү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439, 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык )

ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (ЫБП) – майыптыгы бар (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулардын белгилүү бир категориясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, класстын же топтун деңгээлинде ишке ашырылуучу, билим берүү натыйжаларына жетишүүнү жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы;
ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (ЫЖБП) – конкреттүү билим алуучу үчүн анын майыптыгын жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын жана адистердин сунуштамаларын эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, билим алуучунун билим берүү натыйжаларына жетишүүсүн жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы;
ассистивдик технологиялар – майыптыгы же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдарга башка билим алуучулар менен бирдей билим алууга жардам берген атайын техникалык каражаттар, программалык камсыздоо, түзүлүштөр жана инструменттер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)