Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-марты № 182-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (мындан ары - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткарууга кабыл алсын жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 230-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 617-т тескемеси.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 402-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ