Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 24-февралы № 32
Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмесин, аларды жасоого жана оңдоого кетүүчү материалдардын жана убакыттын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмеси, аларды жасоого жана оңдоого кетүүчү материалдардын жана убакыттын ченемдери (мындан ары - Тизме менен ченемдер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоодо ушул буйрук менен бекитилген Тизме менен ченемдерди милдеттүү түрдө аткарууну жана талаптарын сактоону камсыз кылсын.
3. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
5. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту министирликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине аткаруу үчүн жеткирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 1424 “Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдарды (ортопедиялык бут кийимдерди) даярдоо үчүн материалдарды керектөө нормасын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары К.Б.Жанузаковага жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр Р.А.Сабиров
Кыргыз Республикасынын Эмгек,
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
министрлигинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 313
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ