|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтому менен бекитилди) |
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746, 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
4-глава. Ишкананы башкаруу
5-глава. Маммүлктүн компетенциясы
6-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
7-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруучулук документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - Ишкананын мүлкүнүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруучу Ишкананын уюштуруучусу;