Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-марты № 228-т
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин талаптарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө", 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусуна ээ болгон курулуш объекттеринин долбоорлорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн, улуттук инвестициялык же мамлекеттик маанидеги статуска ээ болгон курулуш объекттеринин долбоорлорун ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-мартынан тартып 2030-жылдын 1-мартына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-марты № 228-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-августундагы № 656-т, 2026-жылдын 16-январындагы № 16-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)