Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

10-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490,  2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин, ушул Жобо менен жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара мамилелерин аныктайт.

2. Кызмат мамлекеттик бюджеттин каражаттарын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын каражаттарын жана активдерин, анын ичинде эл аралык финансы институттары, донордук уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарды сапаттуу пландоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн ички аудитти ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин локалдык актыларын жетекчиликке алат.

4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот. Кызмат өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.

Уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Кызмат Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ага бекитип берилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.

5. Кызматтын өз алдынча баланс, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында өздүк жана башка эсептери бар.

6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы";

2) расмий тилде: "Служба внутреннего аудита при Министерстве финансов Кыргызской Республики".

7. Кыскартылган аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "ИАК";

2) расмий тилде: "СВА".

8. Юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58.

2. Кызматтын ишинин максаты

9. Кызматтын негизги максаты ички аудит объекттеринде ички контролдоо системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү болуп саналат.

3. Кызматтын милдеттери жана функциялары

10. Кызмат төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу аркылуу ички контролдоо системасын өркүндөтүүдө мамлекеттик органдын жетекчисине көмөк көрсөтөт:

1) ички аудит объектинин ички контролдоо системасын кароо жана баалоо, мамлекеттик органдын жетекчисине отчетторду жана анын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү;

2) мамлекеттик органдарда ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалоону кыйла толук камтууну камсыздоо максатында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин пикирин эске алуу менен стратегиялык, узак мөөнөттүү жана жылдык пландарын тобокелчиликтерге жүргүзүлгөн баалоого ылайык иштеп чыгуу жана аны бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрине берүү;

3) талаптагыдай кароону жана аткарууну камсыздоо үчүн аудитордук отчетторду даярдоо жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине берүү.

11. Кызмат ички аудит объекттеринде ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалайт жана төмөнкү багыттар боюнча тийиштүү сунуштамаларды иштеп чыгат:

1) финансы-чарбалык иштердин натыйжалуулугу жана майнаптуулугу;

2) активдердин сакталышы;

3) отчеттордун ишенимдүүлүгү (тышкы жана ички);

4) иштердин мыйзам ченемдерине, ички уюштуруу-тескөө документтерине жана стандарттарга шайкештиги.

12. Кызмат тобокелчиликтерди башкаруу системасынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт жана баалоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштамаларды иштеп чыгат, анын ичинде:

1) ички аудит объекттеринде маалыматтык системалардын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;

2) жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгууда ички аудит объекттерине консультация берет, ошондой эле иш-чаралар пландарын аткарууну контролдойт;

3) компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ички контролдоо системасын жана тобокелчиликтерди башкаруу системасын уюштуруу маселелери боюнча консультация берет;

4) мамлекеттик органдардын суроо-талабы же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча ички аудитти жана кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Мында, Кызматка мындай учурларды иликтөө үчүн жоопкерчилик жүктөлбөөгө тийиш;

5) башка тапшырмаларды аткарат жана ички аудит боюнча Кеңештин тапшырмасы боюнча долбоорлорго катышат;

6) мамлекеттик бюджетти сапаттуу пландоого жана аткарууга, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга, финансы-чарбалык иште мыйзамдуулуктун сакталышына натыйжалуу финансылык контролду уюштурууну, финансылык тартиптин бузулушун алдын алууну, тиешелүү бюджеттерге жана фонддорго белгиленген чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү төлөөдөн качууну аныктоону жүзөгө ашырат;

7) мамлекеттик бюджеттин, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдарга жана мекемелерге аудит жүргүзөт;

8) мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо фактыларын алдын алуу максатында бюджеттик каражаттарды жана ресурстарды (анын ичинде валюталык) туура пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

9) ар бир жүргүзүлгөн аудит боюнча аудитордук отчетторду Кызматтын аудити боюнча Комитетинин кароосуна даярдайт;

10) тийиштүү эл аралык актыларга ылайык интеграциялык бирикмелер (КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ ж.б.) уюштурган, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин органдарынын финансы-чарбалык ишине документтик ревизияларды жүргүзүү боюнча комиссиялардын курамына катышат;

11) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу, бюджеттик кредиттерди берүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди, анын ичинде мамлекеттик концессиялык милдеттенмелерди, өлкөнүн мамлекеттик кепилдиктерин жана кепилдиктерди аткарууну каржылоо, ошондой эле аларды пайдалануу максатында объекттерди өткөрүп берүү шарттарынын жана жол-жоболорунун сакталышын контролдойт;

12) республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге, ММКФнын бюджетине (анын ичинде саламаттык сактоо системасына мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бөлүнгөн каражаттарды кошкондо) бөлүнгөн трансферттердин, ошондой эле бөлүнгөн кредиттердин, гранттардын, бюджеттик ссудалардын, дем берүүчү жана категориялык гранттардын жана капиталдык салымдардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;

13) ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет;

14) ички аудит кызматтары жок ички аудит объекттеринде ички аудит жүргүзүү боюнча ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын ишке ашырууну камсыз кылат;

15) коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүдө коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам менен өз ара аракеттенет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)