Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛУКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз 1V сессиясы

 

2025-жылдын 28-марты № 01-5/23

 Сүлүктү шаарынын прокурорунун Сүлүктү шаардык кенешинин 27.01.2025-ж.  №01-5/8 сандуу токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө

Сүлүктү шаарынын прокурорунун 26.03.2025ж. №25/144-07-11-7-000209 сандагы Сүлүктү шаардык кенешинин 27.01. 2025-ж. №01-5/8 сандуу токтомуна каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын                   39-беренесинин  5 пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз III сессиясынын 27.01. 2025ж. №01-5/8 сандагы Сүлүктү шаарынын аймагында кечки саат 18-00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу ( чектөө) киргизүү жөнүндө токтомунун 4 пункту жокко чыгарылсын
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана  жергиликтүү жамааттар менен байланыш”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

Б.А.Абдуназаров