Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 27
Ош шаарынын мэриясынын шаар аймагындагы автоунаа жолдорун куруу жана оңдоп-түзөө, коомдук-социалдык объектилердин курулуш иштери боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Казыбай уулу Мирландын Ош шаарынын мэриясынын шаардагы автоунаа жолдорун куруу жана оңдоп-түзөө, коомдук-социалдык объектилерди куруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №15 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясынын шаар аймагындагы автоунаа жолдорун куруу жана оңдоп-түзөө, коомдук-социалдык объектилердин курулуш иштери боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |