Загрузка документа…
|
|
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7 апрелиндеги № 76 буйругуна тиркеме)
|
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 268, 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 320 буйругуна ылайык)
1. Жалпы жоболор.
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары-РПОБМ) тарабынан калкты протездик - ортопедиялык буюмдар техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
1.2. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) тарабынан акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Акысыз негизде протездик-ортопедиялык буюмдар майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка мыйзамдар менен кепилденген акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга ушул Жободо белгиленген тартипте берилет.
Майыптуулук тобу жок адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдар дарыгердин жолдомосу боюнча акы төлөм негизде (толук өздүк баасы менен) даярдалып берилет.
Чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү акы төлөө негизде жүргүзүлөт (толук өздүк баасы менен).
1.3. Бул Жободо төмөнкүдөй атоолор жана аныктамалар колдонулат:
тутор-бутту-колду керектүү абалда кармоого арналган шайман;
реклинатор- келбетти түздөгүч (кыр арка үчүн);
супинатор- тамандын ич жагын кармоо үчүн арналган ортопедиялык батек;
пронатор- бут кийимге салынуучу, тамандын ар кандай деформациясында колдонулуучу атайын батек;
Цито шинасы - 4 айга чейинки курактагы балдарда жамбаш менен кашка жилик ашташкан муундагы тубаса мертинүүнү дарылоочу шайман;
Виленский шинасы - баскычтуу винти бар атайын жылдыруучу кергич;
бандаж - чуркуда ич булчуңун тартып туруу үчүн атайын курчам;
бандаждык бекемдөө - протездерди бекемдөө методу катары корсет;
сүт безинин протези - бул дененин анатомиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жасалган сырткы каптама, ал мурда болгон сүт безинин аймагына бекитилет жана балансты калыбына келтирүү жана омурткадагы жүктү нормалдаштыруу үчүн сүт безин алып салуудан сырткы кемчиликтерди жашыруу үчүн шайман.
“компрессиялык трикотаж жеңдер жана жалпак токулган мээлейлер - колдун веналык жана лимфа системасынын ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн, мисалы, лимфостазда же варикоздук веналарда (варикоздо) ар кандай ооруларга дайындалган ортопедиялык буюм;
сурдотехникалык каражаттар - угуунун бузулушун оңдоо жана компенсациялоо үчүн техникалык каражаттар, ошондой эле үндү күчөтүүчү байланыш жана маалымат берүү каражаттары;
тифлотехникалык каражаттар-көрүүнүн начарлашынын натыйжасында майыптыгы бар адамдардын жоготулган мүмкүнчүлүктөрүн компенсациялоого жана оңдоого багытталган техникалык каражаттар;
вертикализатор - бул дененин кыймыл-аракет тутумунун бузулуусу бар бейтаптарда контракттурды алдын алуу, кан айланууну жакшыртуу жана организмдин маанилүү системаларын стимулдаштыруу максатында дененин тик турушун машыктыруу жана сактоо үчүн арналган реабилитациялоо техникалык каражаты.”.
(КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 320 буйругуна ылайык)
2. Протездик-ортопедиялык буюмдардын түрлөрү.
2.1. Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдар (мындан ары – ПОБ):
- колдун протездери;
-буттун протездери (негизги жана дарылануу-машыгуучу);
- колдордун жана буттардын ортездери (ортопедиялык аппараттар жана туторлор);
- лангеттер;
- кошумча бут кийим;
- ортопедиялык бут кийимдер жана батектер.
- сүт безинин протези;
2.2. Көмөкчү ПОБдор:
- ортопедиялык батектер;
- омуртка ортездери (корсет, реклинатор),
- бандаждык буюмдар (бөйрөк, операциядан кийинки ж. б.);
- Цито шинасы;
- Виленский шинасы;
- Жумабековдун аспапы;
- тамандуу тери шымдар;
- мултуктун жүн жана трикотаж жабуулары;
- "Жай кадам"аппараты;
- суспензорлор;
- Глиссондун илмеги;
- алынуучу корсет;
- жабуулар (мултуктун жумшартуучу жүн жана трикотаж жабуулары);
- коммуникациялык жана жалпы көмөкчү каражаттар;
2.3. Техникалык шаймандар:
- чакан өлчөмдүү платформа (коляска);
- тиричилик шаймандары (балдак, таяк);
- учтар (балдактарга жана таяктарга);
- вертикализаторлор.