Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-апрели № 181
Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 8-июлундагы № 469, 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аймактык бөлүмдөр - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алууну жана аны берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;";
5-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун жекелештирүүнү (мындан ары - жекелештирүү) жүргүзгөн жекелештирүү борбору;";
- 19-24-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "КТБ" деген аббревиатура тийиштүү жөндөмөдө "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-пунктта "даярдоочу ишканага" деген сөздөр "жекелештирүү борборуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Дипломаттык же кызматтык паспортту жекелештирүү электрондук арыз түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жекелештирүү борбору тарабынан жүргүзүлөт.
Жекелештирүү борбору даяр болгон дипломаттык же кызматтык паспортторду почта байланышы аркылуу консулдук кызматка жиберет.";
- 27-пунктта "Даярдалган" деген сөз "Жекелештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 32-пунктта "даярдалган" деген сөз "жекелештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 44, 46-пункттарда "бөлүмүнө" деген сөздөр "мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинде "Калкты тейлөө борбору" деген сөздөр "аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө жободо:
- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде (мындан ары - Департамент)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде (мындан ары - Мамлекеттик мекеме)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун коштоо жана өнүктүрүү белгиленген тартипте Мамлекеттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт.";
- 3, 6, 9, 10, 11, 13, 19, 20, 22 жана 25-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Мамлекеттик мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентинде:
- 2-пунктта:
7-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жүргүзгөн жекелештирүү борбору;";
10-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
11-пунктчада "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (мындан ары - ЖАК)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктчада:
", КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
"ЖАКнын" деген аббревиатура "ЖАМКтын" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 3, 7-пункттарда "жана КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 5, 27-пункттарда "жана/же КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктта ", КТБнын", "жана КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 15, 16-пункттарда "КТБнын кызматкерлери менен бирдикте" деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пунктта "даярдоочу ишкананын" деген сөздөр "жекелештирүү борборунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Регламенттин 4-тиркемесинде "жана КТБнын", ", КТБ" деген сөздөр алып салынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жободо:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭДМС" АМСтин оператору - "ЭДМС" АМСти эксплуатациялоону, анын техникалык жана программалык коштоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо:
- 17, 18 жана 23-пункттарда "ведомстволук" деген сөздөр алып салынсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
5-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
6-пунктчада "ведомстволук бөлүгү" деген сөздөр "ведомстволук мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) аймактык бөлүмдөр - Мекен-картты жекелештирүү жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө ишин жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;";
8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) жекелештирүү борбору - Мекен-картты жекелештирүүнү жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган жекелештирүү борбору;";
- 5-пунктта "же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 9,10,16,17,18,19, 23 жана 29-пункттарда ", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта:
", КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
"даярдоого" деген сөз "жекелештирүүгө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 12-пунктта "даярдоого" деген сөз "жекелештирүүгө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 22-пунктта:
"даярдоочу ишканага" жана "Даярдоочу ишкана" деген сөздөр тийиштүү түрдө "жекелештирүү борборуна" жана "Жекелештирүү борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "даярдоо" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жекелештирүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"чыгарат" деген сөз "жекелештирет" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 24-пунктта:
"даярдалгандан" деген сөз "жекелештирилгенден" деген сөзгө алмаштырылсын;
", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 25-пунктта:
"жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"даярдалса" деген сөз "жекелештирилсе" деген сөзгө алмаштырылсын;
"даярдоочу" деген сөз алып салынсын;
- 28-пунктта:
"же КТБ", ", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "даярдоо" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жекелештирүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
"даярдоочу ишканага" жана "Даярдоочу ишкана" деген сөздөр тийиштүү түрдө "жекелештирүү борборуна" жана "Жекелештирүү борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пунктта "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 32-пунктта:
"даярдалган" деген сөз "жекелештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
"жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"ведомстволук бөлүккө" деген сөздөр "ведомстволук мекемеге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пунктта түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүк" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пунктта "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"