Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-апрели № 212

Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

A.А. Касымалиев