Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 токтомуна) Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун 1-глава. Жалпы жоболор 1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартиби (мындан ары – Тартип) башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсү (ташып кирүү), чыгуусу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо боюнча ырааттуу аракеттерди жана талаптарды аныктайт. 2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 1) автомобилдик транспорт каражаты (мындан ары – автотранспорт каражаты) – автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги, анын ичинде автобустар, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, автомобиль чиркегичтери, сүйрөгүчтөргө жарым чиркегичтер, ошондой эле адистештирилген автомобилдер (жүктүн айрым түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдер (ар түрдүү, көбүнчө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган); 2) автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк – автотранспорт каражатын жол кыймылына катышууга уруксат берүүнү ырастоочу документ; 3) транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси – бардык механикалык транспорт каражаттарында жана алардын чиркегичтеринде орнотулуучу, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте катталган, механикалык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана алардын айдоочуларынын жолдо жүрүүсүн контролдоо үчүн колдонулуучу каттоо белгиси. Бул түшүнүк “Транзит” мамлекеттик каттоо номердик белгисине карата дагы колдонулат; 4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты – Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты жок чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан эксплуатациялануучу жана бир эле учурда төмөнкү шарттарга ылайык келүүчү автотранспорт каражаты: – Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган же турган жери бар жеке же юридикалык жакка таандык; – Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган; – Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизилген. Кыргыз Республикасынын аймагында жалпысынан 12 айдан ашык, олуттуу тыныгуусуз калган башка мамлекеттин каалагандай транспорт каражаты эл аралык кыймылда турат деп эсептелбейт. Олуттуу тыныгуу деп 180 календардык күндөн ашкан тыныгуу эсептелет; 5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (мындан ары – Мамлекеттик чек ара) – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургактыктын, суунун, жер астынын жана аба мейкиндигинин) чектерин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын эгемендиги колдонулган мейкиндик чегин аныктоочу сызык жана ошол сызык боюнча өтүүчү вертикалдуу тилке; 6) транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароо – Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, ошондой эле анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын жол кыймылына катышууга жол берүү максатында транспорт каражаттарынын конструкциясынын тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугун контролдоо; 7) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту (мындан ары – өткөрүү пункту) – темир жол бекетинин (станциясынын), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги эл аралык каттамдар (эл аралык учуулар) үчүн ачык аймак, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик контролдоо жана өткөрүү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу атайын жабдылган жер. |