Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрели № 215

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун “з” пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.              Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

жогоруда аталган Жобонун тиркемеси:

-                төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

51

Улуттук коопсуздук органынын мекемесинин келишимдик иштеринен түшүүлөр

УКМК

 

–                 кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети”.

2.              Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686)  жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев