Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналуу менен инженердик коммуникациялардын жана курулмалардын объекттерин кошкондо, кыймылсыз мүлк объекттерин курууну, реконструкциялоону, профилин өзгөртүүнү жана алардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен кайра пландоону мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент государственного архитектурно-строительного контроля при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Департаменттин курамына төмөнкү аймактык башкармалыктар кирет:
1) Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
2) Ош шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
3) Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
4) Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
5) Нарын региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
6) Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
7) Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
8) Чүй региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
9) Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы.
2-глава. Департаменттин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты курулуш процессинде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, бекитилген башкы пландардын, долбоордук документтердин талаптарынын сакталышын, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын сапатын мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо жолу менен курулуш объекттеринин сапатын, коопсуздугун, жер титирөөгө туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.