Загрузка документа…
9-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун уставы
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары - Институт), Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө жаатында өз ишин жүзөгө ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Институттун иши министрликтердин жана административдик ведомстволордун программаларына жана тематикалык пландарына ылайык, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке жактар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Институт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
6. Институттун юридикалык дареги: 720048, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 2.
7. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту";
- расмий тилде: "Государственный институт сейсмостойкого строительства и инженерного проектирования при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
2-глава. Институттун максаттары
8. Институттун ишинин максаттары жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү, курулуш материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу, имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө, объекттердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу үчүн атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу, курулуш жаатындагы курулуш ченемдерин иштеп чыгуу, конструкциялардын жана буюмдардын сапатын контролдоо, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, курулуш объекттерин илимий-техникалык коштоо, кыртыштардын мүнөздөмөлөрүн (курамы, тоңуу тереңдиги, кыртыш сууларынын деңгээли) аныктоо, инженердик-геологиялык, геодезиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөрдү аткаруу, ошондой эле курулуш объекттеринин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
3-глава. Институттун милдеттери
9. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жаңы курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгууну, курулуш конструкцияларынын жана буюмдарынын айрым түйүндөрүн, элементтерин, ошондой эле жалпысынан имараттарды, комплекстерди, инженердик тармактарды жана курулмаларды сыноону жана инженердик изилдөөнү кошкондо, жер титирөөгө туруктуу курулуштун келечектүү багыттары боюнча инженердик-техникалык, технологиялык, окуу жана эксперименталдык иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү техникалык стратегияны камсыз кылуу;
2) турак жай-жарандык, коомдук жана өнөр жай курулушу, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле курулуш экологиясы жаатында айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан тажрыйба-конструктордук жана эксперименталдык иштерди аткаруу;
3) кыртыштарда өтмөктөрдү салуу жана кыртыштарды тиешелүү инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү аткаруу, маалыматтарды иштеп чыгууну жана талдоону уюштуруу, ошондой эле шарттарды комплекстүү изилдөө;
4) адистерди окутууну жана даярдоону уюштуруу;
5) имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу.