Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 230 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор жана укуктук статус
1. Жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттарын жана милдеттерин, укуктук жобосун аныктайт, билим берүү процессинин катышуучуларынын башкаруу түзүмүн, ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
2. Жалпы билим берүү уюмунун ушул типтүү уставы мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн үлгү болуп саналат.
3. Жалпы билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобого (мындан ары - Типтүү жобо) ылайык төмөнкүлөр кирет: жалпы билим берүү мектеби, мектеп-комплекс, мектеп-интернат, атайын мектеп, атайын мектеп-интернат, атайын жардамчы мектеп, атайын жардамчы мектеп-интернат, санаториялык мектеп-интернат, кечки мектеп (кечки жана нөөмөттүү), сырттан окуу мектеби, онлайн-мектеп, аз комплекттелген мектеп.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюму мекеменин уюштуруу-укуктук формасында коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Жалпы билим берүү уюмунун ишинин мөөнөтү чектелген эмес.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары болуп мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
6. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди аткарууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүү каражаттары, өзүнүн балансы, банктарда алыш-бериш жана башка эсептери, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы жана бланктары болууга укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жалпы билим берүү уюму обочолонгон мүлктү бөлүп берүү менен юридикалык жактын же филиалдын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
8. Жалпы билим берүү уюмунун уставы төмөнкүдөй главалардан турат:
1) жалпы жоболор жана укуктук статус;
2) негизги максаттар жана иштин предмети;
3) башкаруу жана тең башкаруу органдары;
4) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери;
5) мүлк жана финансы-чарбалык иш;
6) эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит;
7) кайра уюштуруу жана жоюу тартиби;
8) корутунду жоболор.
9. Жалпы билим берүү уюмунун уставы Типтүү жобонун жана билим берүү уюмдарынын ишин регламенттеген билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин жана жоболорун камтууга тийиш.
10. Жалпы билим берүү уюмунун уставында милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), уюштуруучу/лары (толук фирмалык аталышы, реквизиттери жана юридикалык дареги) көрсөтүлүүгө тийиш. Жалпы билим берүү уюмунда юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүм же филиал болсо Уставда анын дареги кошумча көрсөтүлөт.
11. Жалпы билим берүү уюму Уставды Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына жана ушул Типтүү уставга ылайык өз алдынча иштеп чыгат.
2-глава. Негизги максаттар жана иштин предмети
12. Жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттары болуп мамлекеттик билим берүү стандарттарын өздөштүрүүнүн жана турмуштук компетенцияларга жетишүүнүн негизинде окуучулардын жалпы инсандык маданиятын калыптандыруу, кесиптик билим берүү программаларын аң-сезимдүү тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн негиздерди түзүү, жарандуулукка, Ата-Мекенди, адам укуктарын жана эркиндиктерин, үй-бүлөнү жана курчап турган жаратылышты сүйүүгө, толеранттуулукка, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле сергек жашоо образын калыптандыруу саналат.
13. Жалпы билим берүү уюму инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окуучуларды окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашырат жана инсандын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде өз алдынча билим алууга жана кошумча билим алууга болгон керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
14. Жалпы билим берүү уюмунун уставында иштин негизги жана кошумча түрлөрү көрсөтүлөт.
15. Иштин негизги түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) башталгыч жалпы билим берүү;
2) негизги жалпы билим берүү;
3) орто жалпы билим берүү.
16. Иштин кошумча түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
2) окуучуларга кам көрүү жана көзөмөлдү камсыздоо (жайкы лагерлер);
3) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштин башка түрлөрү.
Кошумча билим берүү кызматтары жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуучунун жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
17. Жалпы билим берүү уюмунун уставында кошумча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) билим берүү процессин уюштуруу тартиби;
2) билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн формалары жана окутуунун тили;
3) окуучуну жалпы билим берүү уюмуна кабыл алууда зарыл болгон документтердин тизмеси, окуучуну кабыл алуу жана которуу/окуудан чыгаруу эрежелери;
4) каникулдук күндөрдү көрсөтүү менен сабактын, окуу жумасынын жана окуу жылынын узактыгы.
18. Модификацияланган жана/же адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу атайын жалпы билим берүү уюмдарынын уставында иштин негизги жана кошумча түрлөрүнө кирбеген иштин өзгөчө түрлөрү (реабилитациялоо, абилитациялоо, өнүктүрүү, коррекциялоо ж.б.) кошумча көрсөтүлөт.
19. Мектеп-интернаттын уставында жашоо үчүн шарттардын болушу, жооптуу адамды аныктоо жана анын функционалдык милдеттерин белгилөө менен чектелген кубаттуулугу (койка-орун) кошумча көрсөтүлөт.