Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-августундагы № 529, 2026-жылдын 15-июлундагы № 487, 2026-жылдын 25-августундагы № 578 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат

 

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

2. Контракт боюнча аскердик кызмат – Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары – жарандар) Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерди өз ыктыяры менен аткаруусуна негизделген аскердик кызмат.

Контракт боюнча аскердик кызматты офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер (мындан ары – эгерде текст боюнча башка көрсөтүлбөсө аскер кызматчылар) өтөйт.

Контракт боюнча аскердик кызматты офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер мыйзамдарга ылайык Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары – ыйгарым укуктуу органдар) өтөйт.

Аскердик прокуратура органдарынын кызматкерлери болуп саналган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскердик прокуратуранын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кызмат өтөйт.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган аскер кызматчылары Мыйзамга жана ушул Жобого, ошондой эле улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин алардын негизинде чыгарылган актыларына ылайык улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кызмат өтөйт.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.

3. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө аскердик кызмат орундарына дайындоону, аскердик наамдарды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, ошондой эле мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскер кызматчыларынын кызматтык-укуктук абалы аныкталган башка жагдайларды камтыйт.

Аскердик кызматка биринчи жолу чакырылган же өз ыктыяры менен кирген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант берет.

4. Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалган офицердик курамдын адамдары аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн тийиштүү кызмат ордунда аскердик кызмат өтөйт. Мындай офицерлерде контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчынын статусу сакталат.

Аскер кызматчылары мындай кызмат орундарынан бошотулгандан кийин алар аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин карамагына киргизилет, андан кийин (эгерде анын иш-аракети аяктаса) аскердик кызмат өтөө жөнүндө жаңы контрактты түзөт же Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык аскердик кызматтан бошотулат.

5. Эгерде кызмат өтөө (иштөө) биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдонуусу менен байланышса, бири-бирине жакын тууган (ата-эне, балдар, жубайлар, асырап алуучу, асырап алынгандар, бир тууган жана тууган ага-ини жана эже-карындаш, чоң ата (таята), чоң эне (таене), неберелер) болуп саналган аскер кызматчыларына бир аскердик бөлүктө, бир кошуунда, башкармалыкта (департаментте) аскердик кызматты (мамлекеттик кызматчылардын ишин) өтөөгө жол берилбейт.

6. Аскер кызматчылары төмөнкү учурларда аскердик эмес кызмат орундарында контракт (жаңы контракт) түзбөстөн аскердик кызмат өтөшү мүмкүн:

1) командирдин (башчынын) карамагында болгондо – эки айдан көп эмес;

2) уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо – үч айдан көп эмес;

3) тергөө судьясы чыгарган токтомго, аскер кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө соттун аныктамасына байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында турганда – бул чараны колдонуу жокко чыгарылганга чейин же кылмыш иши боюнча акыркы чечим (кылмыш куугунтуктоосун, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) чыгышы) кабыл алынганга чейин;

4) мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыктарындагы иштерди же эл аралык милдеттерди аткаруу максатында мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилгенде;

5) командирдин (башчынын) кызмат ордунан бошотуу (четтетүү) жөнүндө буйругуна сотто даттанууга байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо – жарандык иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин;

6) жубайынын мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмдөрүндөгү кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүн болбогондо – аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан көп эмес.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алуу аскердик комиссариаттар аркылуу жүргүзүлөт, ошол эле учурда офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери, жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жазык-аткаруу системасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кайтаруу жана конвой департаменти (мындан ары – Кайтаруу жана конвой департаменти), ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлери (мындан ары – Ички аскерлер) үчүн – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;

2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн – бул органдын жетекчисинин буйруктары менен;

3) аскердик прокуратура органдарына (прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн кызмат орундарына) – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен, башка категориядагы аскерге милдеттүүлөргө – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен.

8. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт жаран менен Кыргыз Республикасынын атынан – ал аскердик кызматка кирген же ал жерде аскердик кызмат өтөп жаткан ыйгарым укуктуу органдын ортосунда ушул Жободо аныкталган тартипте типтүү форма боюнча жазуу жүзүндө түзүлөт.

Контрактта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) контракт түзгөн жарандын (аскер кызматчынын) аскердик наамы (эгер болсо), фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган күнү, айы жана жылы;

2) Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн ыйгарым укуктуу органдын аталышы, бул органдын атынан контрактка кол койгон кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, фамилиясы жана инициалдары;

3) контрактка кол коюлган дата.

9. Контрактын шарттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жарандын (аскер кызматчынын) контрактта белгиленген мөөнөттүн ичинде аскердик кызмат өтөө милдетин, аскер кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруусун;

2) аскер кызматчынын юридикалык жоопкерчилигин;

3) аскер кызматчыларынын статусун жана жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды кошкондо, аскердик кызмат өтөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген анын укуктарынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарынын сакталышына жарандын (аскер кызматчынын) укугун.

10. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө биринчи контракт, ошондой эле кийинки ар бир контракт Мыйзамда белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта болуунун чектүү жашына же пенсияга чыгууга укук берген кызмат өтөө жылдарына жеткенге чейин түзүлөт.

11. Мыйзамга ылайык 2 жылдык мөөнөткө аскердик кызматка чакырылган, аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген офицердик курамдын адамдары менен аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт ушул Жобонун талаптарына ылайык алар чакырылган кызматтын мөөнөтү бүткөндө түзүлүшү мүмкүн.

12. Аял жарандар офицерлердин жана прапорщиктердин бош аскердик кызмат орундары болгондо офицерлердин жана прапорщиктердин кызмат ордуларына контракт боюнча аскердик кызматка алынышы мүмкүн.

13. Контракт мамлекеттик тилде, ал эми жарандын (аскер кызматчынын) каалоосу боюнча – расмий тилде төрт нускада түзүлөт, биринчиси аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнчө ишке көктөлөт, экинчиси жана үчүнчүсү – аскер кызматчынын өздүк ишине тиркелет, ал эми төртүнчүсү анын колуна берилет. Ошол эле учурда контракттын ар бир нускасы бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

Контракттагы жазуулар бардык төрт нускага жазылууга тийиш, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) колу жана гербдүү мөөрү менен бекитилет.

Контракттын кайсы бир нускасы жоголгон учурда ал аскер кызматчынын өздүк ишиндеги биринчи нускадан (ал жок болсо – каалаган нускадан) көчүрүү аркылуу кадрдык органдын күбөлөндүрүүсү менен калыбына келтирилет.

14. Контрактты колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) мөөнөтү аяктаганда аскер кызматчынын каалоосу боюнча;

2) аскер кызматчы каза болгон учурда (аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп таануу);

3) Мыйзамдын 31 жана 31–1-беренелеринде, ошондой эле ушул Жобонун 25 жана 26-главаларында каралган негиздер боюнча.

15. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчылары менен жаңы контракт ушул Жобонун 48-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, мурдагы контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү (эгер ал эс алуу же майрам күнүнө туш келсе – эс алуу же майрам күнүнөн кийинки жумуш күнү) түзүлөт.

16. Контракт боюнча аскер кызматчы үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү бүтөт. Ошол эле учурда аскердик кызматтан бошонууну каалаган аскер кызматчы контракттын мөөнөтү бүткөн күнгө карата ишин жана кызмат ордун өткөрүп берүүгө, ал эми контракт бүткөн күнү – өздүк курамдын тизмелеринен чыгарылууга тийиш. Ушул Жобонун 48-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурларда контрактты колдонуу ушул Жобонун 48-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында белгиленген тартипте улантылат.

Аскер кызматчы үчүн аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмелеринен чыгарылган күн аскердик кызмат аяктаган күн (акыркы күн) болуп эсептелет.

17. Аскердик кызматты өтөө мөөнөтүнө төмөнкүлөр эсептелбейт:

1) кийин соттун айыптоо өкүмү чыгарылган же реабилитациялабоочу негиздер боюнча кыскартылган кылмыш иши боюнча бөгөт коюу чаралары катары аскер кызматчы камакта болгон убакыт;

2) бөлүктү же кызмат өтөө жерин өз каалоосу менен таштап кеткен, ошондой эле кийин айыптоо өкүмү чыгарылган учурда дезертирликте жүргөн убакыт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Аскердик кызматтын жалпы узактыгына аскер кызматчынын чакыруу боюнча, контракт боюнча да, анын ичинде аскердик кызматка экинчи жолу кирген учурларда аскердик кызмат өтөгөн бүткүл мезгил кирет.

19. Аскердик кызматтын мөөнөтүн календардык эсептөө – бул аскер кызматчынын жыл, ай жана сутка менен белгиленген аскердик кызматта болгон иш жүзүндөгү убактысы.

20. Кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсияга укугу бар аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө мезгили (календардык жана жеңилдетилген эсептөөдө) аскер кызматчы аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын кадрдык органы тарабынан ырасталат. Кызмат өтөө жылдары пенсиялык органдын башчысы тарабынан эсептелет, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана аскер кызматчынын өздүк ишине көктөлөт.

 

2-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка

кирүүдө коюлуучу талаптар

 

21. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат ордуна контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.

22. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт:

1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тарткан;

3) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган соттуулугу бар; ага карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш иши кыскартылган; оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган; же белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан улуттук коопсуздук органдарында аскердик кызмат өтөй албайт;

4) аскердик кызматка киргенге чейин бир жылдын ичинде сот тартибинде атайын укук бузгандыгы үчүн административдик жаза салынган;

5) мамлекеттик (аскердик) кызматтан дискредитациялоо же кызматына ылайык келбегендиги боюнча бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо.

Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда, жарандарга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

23.  Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынбайт:

1) эгерде ал белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же болбосо наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында жана башка аскердик түзүлүштөрүндө аскер кызматын өтөбөгөн (курсанттардан тышкары) эркек адамдар;

3) аскер-дарыгердик комиссиясынын корутундусуна ылайык кызматтык ыйгарым укуктарын жана/же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорулары болгон;

4) аскердик жана башка мамлекеттик кызмат, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар, ошондой эле атайын мыйзамдар менен белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тарткан;

5) кызматка шайкеш келбегендиги, коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн дискредитациялоо, ишеним жоготуу боюнча мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошогон;

6) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылган, чет мамлекеттин жарандыгы (букаралыгы) бар, чет мамлекеттин аймагында жашай туруу укугу же туруктуу жашоо укугун тастыктаган башка документи бар же болбосо аларды алууга документ тапшырган. Бул талап жубайына карата дагы колдонулат;

7) коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылган;

8) соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан жазык кылмышы үчүн соттуулугу бар; же ага карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза иши кыскартылган же реабилитациялабоочу негиздер боюнча өкүм чыгарылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдун мүчөсү деп таанылган;

9) милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш болгон документтерди же маалыматтарды бербеген же болбосо жалган документтерди же өзү (жубайы) же анын жакын туугандары жөнүндө билим туруп жалган маалыматтарды көрсөткөн;

10) жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган; же болбосо аларга карата кылмыш-жаза иши реабилитациялабоочу негиздер боюнча (оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча) кыскартылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдун мүчөсү деп таанылган;

11) эгерде ыкчам-кызматтык иштин милдеттеринин чечими менен шартталбаган болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мүлккө жеке менчик укугу катталган, буюм укугу, милдеттенмелери бар;

12) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымга (сектага) же дин үйрөнүүгө тартылган же тутунган;

13) эгерде ал саясий партиянын же саясий максатты көздөгөн башка коомдук уюмдардын мүчөсү болсо же алардын ишине катышса;

14) ага карата дарыгердин дайындоосу жок баңги зат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонгон фактысы белгиленген;

15) атайын текшерүүдөн же болбосо мамлекеттик сырларга уруксат берүү жол-жобосунан же болбосо полиграфологиялык изилдөөдөн же болбосо психофизиологиялык же медициналык күбөлөндүрүүдөн же болбосо кызматка жарамдуулугун аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтпөгөн;

16) ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар таанылышы мүмкүн болгон.

Адамдын ушул пунктта жана улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бирине ылайык келбегендиги талапкерди улуттук коопсуздук органдарына аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартууга, ошондой эле аны улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга негиз болот. Улуттук коопсуздук органдары кызматка кабыл алуудан баш тартуунун себебин талапкерге түшүндүрбөөгө укуктуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Жарандардын аскердик кызматка жарактуу даражасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.

 

3-глава. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө үчүн жарандарды тандоо тартиби

 

25. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат ордуна контракт боюнча аскердик кызматка кирүүнү каалаган жаран жашаган жери боюнча аскердик комиссариатка же аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына арыз берет.

Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

– жарандын аскердик наамы (эгер бар болсо), аты-жөнү;

– туулган жылы, айы, күнү жана жери;

– жашаган жери;

– билими;

– жаран контракт түзүүнү каалаган мамлекеттик органдын аталышы;

– эгерде аскердик кызматты өтөсө, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызматта өтөгөндүгү, ошондой эле аскердик кызматтын мезгилдери.

Жаран арыз менен кошо төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

– өз кол тамгасы коюлган өмүр баянды;

– аскердик-каттоо документтеринин көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

– эмгек стажы бар болгондо эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;

– кесиптик же башка билимин тастыктаган документтердин көчүрмөсүн;

– паспорттун, туулгандыгы жөнүндө, нике жөнүндө (эгер никеде турса), бала туулгандыгы жөнүндө (эгерде бар болсо) күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн.

Берилген документтердин ишенимдүүлүгү жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти аларды берген жаран тартат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-августундагы № 529 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Аскер комиссариаттары жана аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары, контракт боюнча аскердик кызматка кирүү каалоосун билдирген жарандардын арыздарын катташат жана кароого кабыл алышат.

Арызы кароого кабыл алынган жаран контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө талапкер болуп (мындан ары – талапкер) эсептелет.

27. Аскер комиссариаттары кабыл алынган арыздарды он жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана талапкерлерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурат.

Талапкердин таризделген документтери аскер комиссариаттары тарабынан мамлекеттик органга (талапкер аскердик кызматты өтөөнү каалаган) чечим кабыл алуу үчүн жиберилет.

28. Талапкер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган учурларда, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат алууну тариздөө жол-жобосун белгиленген тартипте өтөт.

29. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөгө жарактуу деп таанылган талапкерге аскер комиссариаттарында, аскердик кызматка чакырууда (аныктоодо) (эгерде мурда өздүк дело таризделбеген болсо), өздүк дело таризделет.

Аскердик кызматка чакырылгандан (аныкталгандан) кийин талапкердин өздүк делосу жана башка керектүү документтери аскер комиссариаттар тарабынан алардын аскердик кызматты андан ары өтөөчү орду боюнча жиберилет.

30. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 22-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга жатат.

Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартылган учурда, талапкерге жазуу түрүндө жооп берилет, мында баш тартуунун себептери тууралуу түшүндүрмө берилбейт.

31. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу өзгөчөлүктөрү жана жүргүзүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамга ылайык аныкталат.

Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлер психофизиологиялык, медициналык күбөлөндүрүүдөн, полиграфологиялык изилдөөдөн, ошондой эле кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн жана тестирлөөдөн өтөт, аларды өтүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.