Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 токтому менен бекитилди) |
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды
Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт
каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун
(ташып чыгуунун) тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан жана Шахимардан, Сох, Чоң-Гара, Таш-Дөбө жана Ворух анклавдарынын аймактарына кирүүчү (ташып кирүү) башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын кошпогондо, башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү (ташып кирүү) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо боюнча ырааттуу аракеттерди жана талаптарды аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автомобилдик транспорт каражаттары - "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР 018/2011 ылайык M1, M1G, N1, N1G категорияларына кирген, рулдук башкаруусунун жайгашуусуна карабастан транспорт каражаттары;
2) автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк - автотранспорт каражатын жол кыймылына катышууга уруксат берүүнү ырастоочу документ;
3) транспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номердик белгиси - бардык механикалык транспорт каражаттарында жана алардын чиркегичтеринде орнотулуучу, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте катталган, механикалык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана жолдо алардын айдоочуларынын кыймыл-аракетин контролдоо үчүн колдонулуучу каттоо белгиси. Бул түшүнүк "Транзит" мамлекеттик каттоочу номердик белгисине дагы колдонулат;
4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты - Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты жок чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан эксплуатациялануучу жана бир эле учурда төмөнкү шарттарга шайкеш келүүчү автотранспорт каражаты:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган же турган жери бар жеке же юридикалык жакка таандык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган;
- Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизилген.
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпысынан 12 айдан ашык, олуттуу тыныгуусуз калган башка мамлекеттин бардык транспорт каражаты эл аралык кыймылда болгон деп эсептелбейт. Олуттуу тыныгуу деп 180 календарлык күндөн ашкан тыныгуу эсептелет;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургактыктын, суунун, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын эгемендигинин колдонулушунун мейкиндик чегин аныктоочу сызык жана ошол сызык боюнча өтүүчү вертикаль;
6) транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароо - Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, ошондой эле анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын жол кыймылына катышууга уруксат берүү максатында транспорт каражаттарынын конструкциясынын тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугун контролдоо;