Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 27-марты № 161

 

Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 583  токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн санарип форматындагы түрлөрү 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде колдонуу үчүн арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык даярдалган жарандык абалдын актыларын жазуу күбөлүктөрүнүн бланктарын берүү алар аяктаганга чейин жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 "Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

1-тиркеме

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн санарип форматындагы түрлөрү

 

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн арналган туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк (мындан ары – күбөлүк) жарандык абалдын актыларынын жазуулары автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – “ЖААК” АМС) түзүлөт жана арыз ээсинин каалоосу боюнча А4 форматындагы кагазга чыгарып берилет.

Жогорку бөлүгүнүн борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдерде “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” жана “КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА” жазуулары, мамлекеттик жана расмий тилдерде “ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК” жана “СВИДЕТЕЛЬСТВО О РОЖДЕНИИ” аталыштары жайгаштырылган.

Күбөлүктүн номери “ЖААК” АМСте туулгандыгы тууралуу актылык жазуу ырасталгандан кийин автоматтык түрдө түзүлөт.

Бланктын тилкелери туулгандыгы тууралуу актылык жазуудагы маалыматтар менен арыз ээси көрсөткөн мамлекеттик же расмий тилде “ЖААК” АМС аркылуу документти жекелештирүү жолу менен толтурулат.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында берилген күбөлүк туулгандыгын мамлекеттик каттоодо берилген кагаз түрүндөгү күбөлүк менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

*Техникалык түзүлүштөр аркылуу көрсөтүлгөн санариптик күбөлүктүн көрүнүшү белгиленген үлгүдөн айырмаланышы мүмкүн. QR-кодду сканерлөө аркылуу аутенттүүлүгүн текшерүү каражаттарын колдонуу зарыл.