Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-апрели № 303-т
Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн комплекстүү баалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоонун бирдиктүү форматы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү системасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер (макулдашуу боюнча):
- жыл сайын, болжолдонгон жылдан мурдагы жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча пландык (болжолдуу) көрсөткүчтөрдү жана болжолдонгон жылдан мурдагы жылдын 25-июлуна чейин - такталган пландык (болжолдуу) көрсөткүчтөрдү берсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча иш жүзүндөгү маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине - иш жүзүндөгү маалыматтарга түшүндүрмө катты берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча маалыматтарды берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 15ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 1 жана 2-тиркемелерге ылайык форма боюнча региондор боюнча маалыматты жана аналитикалык материалдарды берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки үчүнчү айдын 1ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына 2-тиркемеге ылайык отчеттук мезгилдеги региондордун өнүгүү рейтингин берсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 15ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү системасынын натыйжаларынын негизинде аналитикалык маалыматты берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-октябрындагы № 354-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |