Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 246
Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык)
Жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын белгилөө, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, анын ичинде туруктуу каржылоонун эл аралык рыногунда Кыргыз Республикасынын позициясын чыңдоо, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору (мындан ары – Таксономия) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Таксономиянын пилоттук режиминин аяктоо мөөнөтү 2028-жылдын 30-июну деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Таксономия бекитилгенден кийин 12 айдын ичинде:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Таксономиянын талаптарына шайкештигин аныктоону жана идентификациялоону жөнөкөйлөтүү үчүн жашыл товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык жана бирдиктүү санариптик реестрин (электрондук маалыматтар базасын) түзсүн;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте тышкы экономикалык иштин катышуучулары, бажы операциялары боюнча адистер жана бажы органдарынын кызматкерлери үчүн Таксономияга шайкеш келген товарлардын визуалдык маалымдамаларын иштеп чыксын;
– (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте көмүртектин эсебин алууну жеңилдетүү үчүн казып алынган отундун негизги түрлөрүнүн бөлүп чыгарууларынын жана башка булактардын бөлүп чыгарууларынын СО2е форматында жөнөкөйлөтүлгөн коэффициенттерин экономикалык иштин түрлөрү боюнча буулануучу газдардын чыгуусун эсепке алууда колдонуу үчүн экономикалык иштин субъекттери пайдаланган өлчөө бирдиктерине келтирилген иштеп чыксын;
– Таксономияга шайкеш келген ишти жана долбоорлорду баалоочуларга талаптарды жана уруксат берүү механизмин аныктасын;
– Таксономиянын талаптарына шайкештикти тастыктоо документинин формасын иштеп чыксын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте NACE 2.1 ылайык экономикалык иштин коддорун жаңыртсын жана 3-версиянын негизинде Таксономиянын талаптарына шайкеш келген экономикалык иштин түрлөрүн гана камтыган чакан топтор кирген продукциянын мамлекеттик статистикалык классификаторунун жаңы версиясын иштеп чыксын.