Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (мындан ары - МЧБУ) ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жободо негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты - (мындан ары - Мамстандарт) менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн мектепке чейинки билим берүүгө жана балдарды багууда бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү милдеттүү документ;
2) мектепке чейинки топ - МЧБУда түзүлгөн мектепке чейинки курактагы балдар тобу;
3) мектепке чейинки билим берүү уюму - мамлекеттин заказын, үй-бүлөнүн жана коомдун балдарды багуу, тарбиялоо, өнүктүрүү, окутуу суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу максатында түзүлгөн, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн арналган уюм;
4) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын альтернативдик (вариативдик) формалары - бул мектепке чейинки билим берүү, балдарды кароо жана багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын вариациялары (3-5 сааттык кыска мөөнөттүү, үй тибиндеги бала бакчалары, өнүктүрүү борборлору, балдарды өнүктүрүү бөлмөлөрү, балдарды көнүктүрүү борборлору, балдар үчүн кечки жана дем алыш күндөрү иштөөчү борборлор);
5) мектепке чейинки билим берүү программасы - балдарды өнүктүрүүнүн курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү минимумун белгилөөчү ченемдик документ;
6) мектепке чейинки курак - 1 жаштан 6 жашка чейинки баланын физикалык, психикалык жана социалдык калыптануу мезгили;
7) баланын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, алар жок учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
8) жекече окуу планы - билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;
9) инклюзивдик мектепке чейинки билим берүү - аялуу категориядагы, анын ичинде атайын муктаждыктары бар балдарга аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү менен жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу мектепке чейинки билим берүү;
10) интеграцияланган сабактар - мектепке чейинки билим берүүнүн негизги жана кошумча программаларынын тематикалык жана таанып-билүү байланышына негизделген окутуу;
11) көп тилдүү билим берүү - балдардын сабактардын мазмунун өздөштүрүүсү жана тилдик көндүмдөрүн жакшыртуу максатында билим берүү процессинде эки же андан көп тилди колдонуу;
12) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - физикалык, психикалык, социалдык, когнитивдик өнүгүүдө өзгөчө муктаждыктары бар жана социалдык жардамга, реабилитацияга, ошондой эле үй-бүлөнүн, адистердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусуна муктаж болгон балдар;
13) мектепке чейинки атайын билим берүү уюму (МЧАБУ) - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн арналган, коом жана мамлекеттин алдында тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу процессин уюштуруу, балдардын өмүрүн, коопсуздугун жана ден соолугун коргоо үчүн жооптуу;
14) атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу;
15) окуу планы - мектепке чейинки билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;
16) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучу тарабынан оптималдуу өнүгүүгө жана социалдык ийгиликтүү интеграцияга жетүү максатында билим берүү муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды түзүү жана кызматтарды көрсөтүү;
17) ыйгарым укуктуу орган - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Мектепке чейинки билим берүү системасында балдардын жана үй-бүлөлөрдүн мектепке чейинки билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандырууга жана балдарды кароо жана багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө багытталган МЧБУнун альтернативдик (вариативдик) формалары түзүлүшү мүмкүн.