Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-майы № 288
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз
Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана
өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө
өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 474, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 , 2026-жылдын 22-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилине жана жыйынтыгын чыгарууга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин штаттык санынын чеги негизги персоналынын 548 штаттык бирдиги жана техникалык жана тейлөөчү персоналынын 107 штаттык бирдиги санында аныкталсын, анын ичинде:
1) борбордук аппараты: негизги персоналынын 221 штаттык бирдиги, техникалык жана тейлөөчү персоналынын 33 штаттык бирдиги;
2) аймактык бөлүмдөрү: негизги персоналынын 37 штаттык бирдиги, техникалык жана тейлөөчү персоналынын 10 штаттык бирдиги;
3) ведомстволук бөлүмдөрү: негизги персоналынын 279 штаттык бирдиги, техникалык жана тейлөөчү персоналынын 64 штаттык бирдиги;
4) Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүгү -негизги персоналынын 2 штаттык бирдиги;
5) соода өкүлчүлүктөрү - негизги персоналынын 9 штаттык бирдиги.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 474, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 , 2026-жылдын 22-январындагы № 22 токтомдорунун редакцияларына ылайык)