Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 токтомуна |
Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 , 2025-жылдын 12-августундагы № 485 , 2025-жылдын 1-декабрындагы № 764 , 2025-жылдын 30-декабрындагы № 851, 2026-жылдын 25-майындагы № 368, 2026-жылдын 14-августундагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды (мындан ары – атайын эсептин каражаттары) түзүү, пайдалануу, контролдоо тартибин жана белгиленген ченемдерди бузгандык үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы турган атайын эсептин каражаттарын түзүү, пайдалануу жана чыгымдалышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жөнгө салынат.
2. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана өзүнчө тиркеме менен бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө бөлүнөт.
3. Атайын эсептин каражаттары булактарына карабастан максаттуу багытка ээ болууга жана так багыты боюнча пайдаланылууга тийиш.
4. Атайын эсептин каражаттарын бөлүштүрүүчүлөр болуп бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү укугу берилген бюджеттик мекеменин жетекчиси саналат.
2-глава. Атайын эсептин каражаттарын бекитүү жана оңдоо
5. Атайын эсептин каражаттары атайын эсептин каражаттарынын бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларына (мындан ары – сметалар) ылайык пайдаланылат.
Сметалар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештердин учурдагы жылга жергиликтүү бюджет жөнүндө чечимине ылайык бекитилет жана пайдаланылат.
Атайын эсептин каражаттарынын кирешелер жана чыгашалар сметалары бюджеттик жол-жоболорго ылайык бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
6. Сметаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештердин учурдагы жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимине ылайык ишке ашырылат.
Тийиштүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына бюджеттик мыйзамдардын маселелери кирген профилдик комитети менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттер үчүн жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынат.
7. Сметаны жана кабарлоолордун маалымкаттарын бекитүү “IS казна” программасы аркылуу таризделет жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
8. Атайын эсептеги каражаттардын бюджеттик мекемелер тарабынан учурдагы финансылык жылда пайдаланылбаган калдыктары кезектеги бюджеттик жылдын башына калдык катары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
Жылдын башына карата каражаттардын калдыктары республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештин тиешелүү жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимине ылайык бекитилет.